7-апрель: “АК ҮЙДҮН ҮСТҮНДӨГҮ СНАЙПЕРДИ МЕН АТЫП ЖОК КЫЛГАМЫН”

Мезгил

Бүгүн 7-апрель. Бийлик кан төгүү менен алмашканына туура 10 жыл болот. Бул күнү аянтта канча адам набыт кеткен, канча бала жетим, канча аял жолдошунан ажырап жесир калган. Бул боюнча Апрель окуясынын курмандыктары тууралуу азырынча элди ынандырган бийликтин так жообу боло элек. Биз бүгүн мына ушул каргашалуу окуялар өзөгүн түзгөн Ырысбек ӨМҮРЗАКОВдун  7-АПРЕЛЬ ЖАНА ТҮШТҮК КООГАЛАҢЫ – 2010 журналисттин көзү менен аттуу китебинен үзүндү берүүнү туура тааптык. Анда сөз башынан болсун окурман.

МАРКУМДАР ҮНҮ

2010-жылы 7-апрелде, Ала-Тоо аянтына чогулган эл, бийликке болгон сурооталаптарын мыйзам чегинде айтып, чындап эле митингди тынчтык жолу менен өткөргөнбү? Маселенин чиелешкен түйүнү мына ушул жерде. Бул суроолорго жоопту КРнын генералдык прокуратурасы сотко чейин ар бир үтүр, чекитине чейин туура-так даярдап коюшу керек эле. Тилекке каршы, баштапкы тергөө ишинде андай тактык болгон эмес. Ала-Тоо аянтында 7-апрелде КРнын ИИМнин Академиясынын 4-курсунун курсанттары Никита Кущ менен Эдил Такырбашевдер, Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкери Шымырбаев Алтынбек жаалданган мас абалындагы куралдуу топтун аткан огунан, жардырган гранатасынан каза таап, митингчилердин колунан курсанттарга көздөй ыргытылган гранаталардын учкунунан элүүдөн ашуун курсант жаракат алган. Ал каза тапкан жана жаракат алган курсанттар жөнүндө соттук териштирүү учурунда тилекке каршы эч ким сөз козгогусу келбейт. Мамлекет тарабынан эл катары материалдык жардам да берилген эмес. Алар эмне тагдырдын өгөй балдарыбы? Алар да кыргыздын мекенчил жигиттери болгон. Ал жигиттердин ордунда ар бирибиздин балабыз болуп калышы толук мүмкүн эле. Мына ушул окуядан кийин ким баласын Аскерге же күч структураларына кызматка жиберет?

 Кыргызстанда эми үчүнчү жолу “Тынчтык митинги” – деген чүмбөттү жамынган, жаалданган мас абалындагы карөзгөй куралдуу топ элди алдына калкан кылып тартып алып, А.Атамбаев, А.Жээнбеков, Ж. Сатыбалдиев отуруп бийлик жүргүзүп жаткан Ак үйгө ок атып, мамлекеттик бийликке каршы чыкса, аларды ким коргойт? Мамлекеттик күзөт кызматыбы, УКМКнын “Альфа” тобубу, ИИМдин Академиясынын курсанттарыбы же милициябы? Мыйзам чегинде Ак үйдү коргогон күндө да, алар элди аткандыгы үчүн бүгүнкү мамлекеттик күзөт кызматынын жоокерлериндей жоопко тартылбайт деп ким кепил боло алат? Мыйзам чындап баарына бирдей болсо, эмне үчүн мамлекеттик бийликке каршы куралдуу көтөрүлүшкө чыгып, ИИМдин курсанттарын, Улуттук Гвардиянын, Мамлекеттик күзөт кызматынын жоокерлерин атып өлтүргөн, жарадар кылган митингге чыккан элдин арасындагы киши өлтүргүчтөрдү мыйзам алдында жоопко тартпайт? Же алардын Kонституция менен корголгон кол тийбестиги барбы?

86 баатырдын ичинен 27си “Ата-Бейитке” коюлган, ал 27 баатырдын бирөөсү Максымбеков Маралбек тирүү болуп чыкты. Анын уулу Эрлан эл катары “баатырларча курман болгон революционер атасынын эрдиги үчүн” бир миллион сом мамлекеттин бюджетинен акчалай жардам алды. «М.Максымбеков» деп мүрзөгө коюлган сөөктүн ким экени эми араң такталып, шордуулар башын мыкчып жүрөт. Ал эми “маркум”, 7-апрель каарманы М.Максымбеков ММКга төмөндөгүдөй маек берип келет:

– Маралбек байке, саламатсызбы?

– Саламатчылык

– Ден соолуктарыңыз кандай?

– Кудайга шүгүр, жакшы.

– Канча жылдан бери Свердловскидесиз?

– 2 жылдан ашып калды.

 – Азыр кандай жумуштасыз? Эмне иш кыласыз?

 – Азыр бул жерде маршруттук такси айдайм. «024» деген каттамда. Кесибим – айдоочу. Ишим жакшы эле. Кожоюнум орус аял. Күйөөсү МАИде иштейт.

– Сизди былтыркы 7-апрель окуясында каза болгондордун катарына кошуп жүргөнүн билесизби? Уктуңуз беле?

– Кечээ жакында уктум. Бул боюнча эч ким эч нерсе айтпайт. Чынын айтсам ошол тополоң учурунда үйгө жарым жылча телефон чалбай, байланышпай койгом. Анда Челябинск шаарында иштеп жүргөм.

– 7-апрель күнү кокустан Кыргызстанга барган эмес белеңиз?

– Жок. Барган эмесмин.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз. Канча балаңыз бар?

– 2 уул, 2 кызым бар. – Балдарыңыздын аттарын атасаңыз?

– Чоң баламдын аты Эрлан, андан кийин кызым Жазгүл, экинчи уулум Мирлан, кичүү кызым Бегимай.

– Алар азыр кайда?

– Балдарым үйдө, Бишкекте. Иштеп жатышат.

– Балдарыңыз менен байланышасызбы?

– Ооба, азыр сүйлөшүп турам.

– Окуя тууралуу укканда балдарыңызга, инилериңизге эмне болуп жатат деп телефон чалдыңызбы?

– Бул жактагы кишилер “Сен бул жерде экенсиң, үйүңө телефон чалбайсыңбы? Иниң сени издеп келип кетти. Айылда сени «өлдү» дешип кудайы кылышты,” – деп айтып калышты. Андан кийин байланыштым.

– Байланышканыңызда эмне деп жооп беришти?

– “Сизди издеп таппай калдык. Өлгөн киши сиздин өзүңүз экен. Бишкекке коюп койдук” деп айтышты. Жакшы иш кылбапсыңар. Жакшылап териштирсеңер болмок, – деп айткам.

 – Балаңыз менен жакын арада байланышып көрдүңүзбү?

 – Бир жума болуп калды.

– Чоң балаңыз Эрлан “Атам каза болгон” деп жатпайбы?

 – Чоң баламбы?

– Ооба.

– Чоң балам менен байланышкан жокмун. Ал дагы мага телефон чалбайт. Кичүүсү менен сүйлөштүм.

– Айылдагы балдарыңызга акча котордуңуз беле? – Которгон эмесмин.

– Өлгөн кишинин жанынан сиздин паспортуңуз чыккан деп жатат. Паспортуңузду качан жоготтуңуз эле?

– Россиядан мурунку барганымда.

– Канчанчы жылы болчу?

– 2007-жылдын күзүндө. Паспортумду жоготконум тууралуу Ленин районуна арыз жазгам. Id-сard алганга үлгүргөн жокмун.

– Документтериңизди Ала-Бука районунун паспорт столуна тапшыргансыз…

– Ооба тапшырганмын. Id-сard эгер келген болсо, паспорт столдо турган болуш керек.

 – Консулдукта иштегендер менен байланышып көрдүңүзбү?

– Жок, байланышпадым.

– Алар сиз менен байланышкан жокпу?

– Эч кимиси байланышкан жок.

– Алар сизди тааныйт беле? Бул жакта жүргөнүңүздү билеби?

– Ал жакта жүргөндө көрүшкөнбүз. Консулдук кызматка барган эмесмин, чынын айтсам.

– Сизди бул жактагылар кандай кабыл алат, мобул окуяны уккандан кийин?

– Уккандан кийин адамдар өздөрү “Өмүрүң узун болот экен” деп айтып жүрү.

 – Сизди тамашалап “Баатыр менен чай ичип олтурабыз” дегендер болду беле?

 – Андай болгон жок.

– Ала-Букалык кайсы бала биринчи көрдү эле? Муну кимден уктуңуз?

– Телефондон өзүбүз жактык бир келинден бирөөлөр аркылуу “ушундай болду эле” деп уктум. Тургунбай деген алабукалык бир досум бар үйүнө барып келген. Ошол айтып калды “ушундай болуп калыптыр” деп. Действительно, мен ошол учурда үйгө 5-6 ай звонок кылбай койгом. Бул шаарда жок элем. Ошондон болушу мүмкүн. Бир жагы паспорт жоголгондон, анын жанынан чыкса ошондон да болуп калышы мүмкүн. Иним бул жакка издеп келип, таппай койгон экен. Ушундай болгон. Тиги жакта кандай жаңылыктар болуп жатканынан кабарым жок. Эч ким айтпайт.

 – Кыргызстанга барайын деген оюңуз барбы?

– Ооба, күзүндө, разрешение бүткөндө барайын деген оюм бар эле, акча кылып. Акча кылалбай жүрөм. Өзүңөр көрдүңөр. Кичине азыр кыйын болуп калды.

– Аялыңыздын каза болгонун билесиз да…

 – Аялым 2005-жылы өтүп кеткен. 4 бала калган.

– Сизге эркин микрофон: кыргызстандыктарга, туугандарыңызга салам айтсаңыз болот.

– Кудай кааласа, жакында мен өзүм деле барып калам. Кыргызстандыктарга, айылдагыларга, мени тааныгандарга салам. Бул жакта тиричилик деп жүрөбүз. Аман болгула, бар болгула, кыргызстандыктар. Кыргызстан оңолуп жакшы болсун, эч качан уруш-жаңжал болбосун.

“Азат” гезити, 2011-жыл Маектешкен Наралы Асанбаев, Бишкек-Екатеринбург-Бишкек

Ушул макала жарыкка чыкканда Кыргызстанда чоң сенсацияны жараткан эле. Ал тургай парламенттин чоң жыйынында Ак үй алдында “снайперлердин огунан каза болду” деп “Ата-Бейитке” сөгүн коюп салышкан Маралбек Максымбеков тирүү болуп чыкканын, өзү менен сүйлөшкөнүн депутат Алтынбек Сулайманов ЖК трибунасынан айтып чыкты. Бирок, бийлик тараптан сөз чыкпады. Аянтта өлгөн балдардын сөөгү Ата-Бейитке коюлуп жатканда азага уугуп турган элге ант берген Отунбаева, Атамбаев, Текебаев, Бекназаров, Сариев, Байсалов, Дүйшөбаев, Каптагаев, ж.б. Максымбековдун ордуна кайсы кыргыз баласы каза болгонун, ал жерде кайсы шордуу топурак жазданып жатканына кызыгып да коюшпады. “… Ылайдан өткөн соң”, ал жерде ким көмүлүп жатканы кимди кызыктырмак эле деген сөз, эл арасынд а айтылып жүрөт. Бул да болсо КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан кетирилген кайдыгерлик деп айтууга негиз бар. Анткени М. Максымбековдун РФнын Екатеринбург шаарында тирүү эле иштеп жүргөнүн, ал 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектеги куралдуу төңкөрүшкө катышпаганын, мамлекеттик укук коргоо органдары эмес, журналисттер далилдеп чыкты. Ал эми М. Максымбековдун уулуна атасы Маралбектин “2010-жылдын 7-апрелиндеги революцияга катышып өлгөндүгү үчүн” берилген 1 000 000 (бир миллион) сомдун тарыхы эмне болду, ал да табышмак бойдон калууда.

“АК ҮЙДҮН ҮСТҮНДӨГҮ СНАЙПЕРДИ МЕН АТЫП ЖОК КЫЛГАМЫН”

Талас областтык ИИБди 6-апрелде ташбараңга алып талкалап, өрттөп, милиция кызматкерлерин сабап, ИИМ министри М.Конгантиевди жылаңачтап арматура, союлдар менен токмоктоп, обладминистрациянын алдындагы туу көтөргөн темирге аса турган болгондо, облакимчиликтин, Талас областтык ИИБдин имаратын бензин чачып өрттөп жибергенде, 7-апрель күнү эрте менен “Форум” акционердик коомунун алдындагы митингге чыккан эл менен мамлекеттик укук коргоо кызматкерлери кагылышып, милициянын кызматтык машиналары митингчилер тарабынан өрттөлүп, куралдары тартылып алынганда эле тынчтык митинги “тынчтык” деген мүнөзүн жоготуп, мамлекеттик бийликтин жүргүзгөн саясатына нааразы болуп тынчтык митингине чыккан элдин көпчүлүгү жаалданган куралдуу топко айланганын ким жокко чыгара алат? Демек, 7-апрелде расмий Бишкекте куралдуу төңкөрүш болгон деп айтууга негиз бар.

 “Форум” акционердик коомунун жанынан мамлекеттик укук коргоо кызматкерлеринин куралдарын тартып алган эл, Ала-Тоо аянтына келгенде көпчүлүгү мас абалында асманга автомат менен ок атып келгенин Бишкек шаарынын жашоочулары көргөн көзүнө дале ишенбей келет. Ал көрүнүш журналисттер тарабынан видео тасмага тартылып алынган. Ал тасмалар, фото сүрөттөр бир нече документалдык фильмдерге факты катары колдонулуп келүүдө. Жаалданган куралдуу топ, Ак үйдү бет алып автомат менен ата баштаганда да милиция кызматкерлери кулак тундуруучу гранаталар жана көздөн жаш агызуучу газ менен гана аткылашып, элди таратууга аракет кылган.

 “Ак үйдүн үстүндөгү снайперди мен атып жок кылгамын” – деп мактануу менен айткандар да ошол Ала-Тоо аянтына автомат менен асманга ок атып келген куралдуу топтун арасынан чыгып жатат. 7-апрель окуясын териштирүү коомдук комитетине 24.04.2010-жылы жазган түшүнүк катында Бишкек шаарынын Бакай-Ата жаңы конушундагы Кыргыл-Чал көчөсүнүн 18-үйүндө ижарада турган Кыштобаев Эмилболот Жаңыбаевич ошол күндү өзү мындай деп баяндайт: (Түшүнүк каттар түп нускада кандай жазылса ошол бойдон оңдоосуз берилди. Автор.)

“Түшүнүк жазганымдын себеби 7-апрель күнү Аламүдүн базарында продукты алып жүрсөм, саат 12лер чамасында соодагерлер бекинишип “Мадина” базары жакта эл толкуп жатат деп калды. Мен эмне болуп жатат деп барып калдым. Барсам эл милицияларды кубалап жатышыптыр. Мен Бакиевдин кландык катуу режимине, элди жакырлантып салганына жиним келип жүрчү. Ойлонбостон элге кошулуп Ак үйгө жөнөдүм. Милиция менен кагылышууда бир автомат алып алгам. Аңгыча Ак үйдүн тосмолорун машиналар менен сүздүрө баштаганда курчап турган спецназдар ок чыгара башташты. Бир маалда көк бусик автомашинасын тосмонун ичине түртүп кирдик. Кире бергенде жанымдагы үч адамды снайперлер чекеге атып салды. Ошондо Ак үйдүн, Тарых музейинин, Илбирстин үстүндө снайперлер бар экенин билдим. Балдар абайлаңыз, куралчандарды, алга баштаган балдарды атып атышат деп калышты. Чогуу жүргөн балдарды снайперлер чекеге, жүрөккө атып өлтүрө баштаганда мен снайперди автоматтын одиночкасына коюп ата баштадым. Автоматтын үстүндө ночной видение менен ата албай коюп анысын чыгарып ыргытып жибердим. Алардын бирөө мени байкап калып мени ата баштады. Мен турган ордумду которуп таптырбай жаттым. Бир маалда 55-60жаштагы бир адам: мен тамеки чегип турайын, менин далыма автоматты коюп шашпай ат деди. Снайпер мени таппай көрбөй турганда ал кишинин далысына коюп мээлеп туруп атсам, снайпер жыгылды. Элдин баары мени колуна көтөрүп ураалай баштады. Аңгыча дагы эки-үч снайпер ары жактан көрүндү. Менин огум түгөнүп калган. Бир бала дагы бир магазин алып келип берди. Снайперлер сак болуп жашынып ата башташты. Снайперлер Ак үйдүн үстүндө, Ак үйдүн маңдайындагы барак үйдүн үстүндө, Тарых музейинин үстүндө, Илбирстин үстүндө жалпы жыйырмадан ашуун снайпер бар болчуу. Аңгыча эки бала келип мага Токтайым Үмөталиева автоматчандарды чакырып атат дешти. Барсам Токтайым эже дагы 5 автоматчан бала бар экен. Токтайым эже канча адам каза болду, мен переговорго барайын деди. Биз сизди атып салат деп болбой койдук. Токтайым эже болбой эле барып сүйлөшүп келди окшойт. Элде жалгыз лидер Токтайым эже болчу. Биз автоматчандар чачырап снайперлерди атуу менен алек болдук. Мен аткан снайпердин өлгөнүн 9-апрель күнү мени көргөн балдар Ак үйдүн үстүнө чыгып кан уюп калганын айтышты. Биз менен жүргөн бир ыйман жолундагы бала автоматыңды берчи Илбирстин үстүнө чыгып снайперди түшүрөм деп автоматты алып экөө кеткен. Бара жатышса эл булар снайперлер экен деп аябай сабап, сакалын кыркып, автоматтарын алып кетишиптир. Аңгыча БТР айдап келишти. БТРди гранатамет менен аткылап киришти. БТР дагы милицияга эмес Ак үйдүн жогорку этаждарын каратып ок чыгарып жатты. Ошентип саат 2-3төрдө спецназдар суюлуп, азайып атышты. Бир маалда эл толкуп Ак үйгө кирип кетти. Түшүнүк өз колум менен туура жазылды.

24.04.10. Кыштобаев Э.

(уландысы бар)

Мезгил

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *