7-апрель: «РОЗА ЖООГАЗЫНДАРДЫ ТЕБЕЛЕНДИДЕ КАЛТЫРДЫ»

Мезгил

Эртең 7-апрель. Бийлик кан төгүү менен алмашканына туура 10 жыл болот. Бул күнү аянтта канча адам набыт кеткен, канча бала жетим, канча аял жолдошунан ажырап жесир калган. Бул боюнча Апрель окуясынын курмандыктары тууралуу азырынча элди ынандырган бийликтин так жообу боло элек. Биз бүгүн мына ушул каргашалуу окуялар өзөгүн түзгөн Ырысбек ӨМҮРЗАКОВдун  7-АПРЕЛЬ ЖАНА ТҮШТҮК КООГАЛАҢЫ – 2010 журналисттин көзү менен аттуу китебинен үзүндү берүүнү туура тааптык. Анда сөз башынан болсун окурман.

«РОЗА ЖООГАЗЫНДАРДЫ ТЕБЕЛЕНДИДЕ КАЛТЫРДЫ»

 “Роза жоогазындарды тебелеп өттү” деген макаласында “Трибуна.kg” гезитинин кабарчысы Сергей Богданов мындай деп жазат: “Кыргызстан дагы бир жолу дүйнөгө дүң болду. Саясатчылар, демонстранттар жана талоончулар. Окуялар болгондо да, демейдегидей эле күтпөгөн жерден башталды. Республика боюнча өкмөттүк жана административдик имараттар өрттөлүп жатты. Өз убагында иштерин бүтүрүп калганга үлгүрүшкөн аткаминерлер оокат-мүлктөрүн таштай качышты.

Президентке жана бийликке ишеничин сактоого аракеттенгендер Мекен алдында сиңирген эмгектерине жана чиндерине карабастан, эл алдында басмырланып, ур-токмокко дуушар болду. Кызыл-жаян кан төгүлдү. Окту биринчи болуп ким аткандыгын эч ким cүрүштүргөн жок, ошентсе да, 6-апрель күнү эле Алма-Ата көчөсүндөгү КСДПнын кеңсесинин жанында “базукадан” Атамбаевдин тарапташтары милициянын автоунаасын жардырышып, атургай анын жанында беймаалда натуура токтоп калган атуулдун “Тойота-Одиссей” автоунаасын өрттөп жиберишкен.

Болуп өткөн окуялардын баарысына Бакиев Курманбек Салиевич күнөөлүү деп, башаламандыкты уюштуруучулар, жар салышты. Дүйнөлүк державалардын лидерлери андан дароо баш тартты. Ал гана эмес Андижандагы каршылык митингисинин 1200дөн ашуун мүчөсүн аттырып таштаган И.Каримов дагы (аны Бакиев формалдуу эмес жагдайда кыргыз улутун кемсинткени үчүн кантип жазалагандыгы тууралуу эстеп кеттиби, айтор…) сындап жиберди. Булардын арасынан айырмаланган жападан жалгыз Лукашенко болду.

2005-жылдагы “жоогазын” революциясынын сценарийи кайталанды. Анан калса, беш жыл мурда чоң тажрыйбага ээ болуп калышкан түнкү талоончулар борбордогу имараттарды тоноо географиясын мурдагыдан кеңейткени байкалды. Талоончулардын аракеттерин координациялаган борборлор УӨнүн айрым мүчөлөрүнүн кабинеттеринде жайгашкан имиш. УӨ мүчөлөрү жетектеген “элдик кекчилдер” анча деле чоң материалдык баалуулуктарга ээ эмес бир нече административтик имараттарды гана талкалап тим болбостон, Башкы прокуратуранын имаратын күлгө айлантты. Компьютерлерден тышкары бекем отчёттуулуктагы сейфтер, иликтөө документтери күйүп кетти. “Элдик ызанын” жалынынын артында кимдир бирөөлөр резонанстуу кылмыш иштеринин изин дыкаттык менен жашырып калууга аракет кылды.

ДЕКРЕТТИК ӨРГҮҮГӨ ЧЫККАН ӨЛКӨ

УӨ легитимдүүлүк боюнча маселеге такалды. “Жоогазынчылар” Курманбек Салиевичтин бийлигин референдум, Аскар Акаевдин кеткенин импичмент жолу менен мыйзамдаштырган. Ал эми Убактылуу Өкмөткө мамлекеттин Негизги Мыйзамынын алдында “түздөнүүгө” туура келди. Жыйынтыгында ким аркылуу жана кандайча шайланганы белгисиз Роза Отунбаева өткөөлчү-Президент болуп калды. Ал шайлоого даярдык көрө баштады. Конституциялык сот жокко чыкты. Себеби, КРнын Конституциясы бирде Акаевдин, бирде Бакиевдин бийлигине ылайыкташтырылып келген экен. Эми бул башкы орган түп-тамыры менен “роза” оппозиционерлерине жага тургандай өзгөрүүгө милдеттүү экендиги боюнча факт ачык-айкын болчу.

Революциялык окуялардын маанилүүлүгүн арттыруу үчүн «14түк комитет» Россиянын 1917-жылдын февраль-октябрь айларындагы Убактылуу Өкмөтүнүн терминологиясын колдонду. Ишке алуучу тарабынан аялдардын кош бойлуулугуна байланыштуу буйруктарында колдонулуп, медициналык термин катары белгилүү болгон “декрет” менен элге документтерди алып чыгып жатышты. Бакиевдин кызматтан баш тартышы боюнча аны менен сүйлөшүүлөр тууралуу эч кандай форматта кеп болгон жок. Кайрадан өздөрүн өздөрү бийликке жармаштыргандар адекваттуу эмес экендиктерин ачыктан-ачык көрсөтүп, туңгуюк кырдаалды ого бетер курчутту.

 РОЗА ТИКЕНДЕРИН КОЁ БЕРДИ

Төмөндөгүлөр каалаган жок, жогорудагылардын колунан келбей жатты. Президенттин түштүк тиреги урады. Жердештерге деген ишеним акталбады. Бакиевдин Оштогу сөзүн көпчүлүк уккан жок. Жаңы бийликтин тарапташтары эбак даяр турган. КБНдик технологиялар бардык жерде ишке киришти. Бакиев жана анын командасына каршы PR технологиялар иштеди. Кимдир бирөөлөр Бакиевдин камалышын талап кылып чыгышты. Бирок, буга негиз жок болчу. “Асманга атуу керек” деген буйрукту андагы президенттин күзөтчүлөрү, Убактылуу Өкмөттүн тарапташтары түштүктөгү кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө кошулуп, мамлекет башчысын кетирүүгө жасаган аракеттери маалында аткарылды

Жеңиштин даамын сезген Роза Исаковна алаканын ушалап – Бакиевди камакка алуу декрети токтотулду. Эми ал республиканын кайсы аймагында болсун тынч жүрө алмак. Бирок, коопсуздукка эч ким кепилдик берген жок. Элдин сотуна эч ким кепилдик бермек эмес, анын үстүнө жек көрүүгө жеткен чек жана кара пиар өз ишин кылмак. Президентти “УӨнүн согушчандары” төрткө бөлүп салса да, эч ким жооп бербей турганы баарына белгилүү болчу, бирок, Курманбек Бакиевдин тарапташтары өз жердешин колдоруна курал алып, коргоп ала тургандыктарын айтышты.

“Кыргызстандын бийлик башына элдин канын өлчөөсүз төгүүдөн тайманбаган адамдар келди. Аларды азыр эч нерсе токтото албайт. Кан төгүүнүн кереги жок. Алар баардыгын жасап, мени күнөөлүү кылып жатышат” – деген сөздөр менен Бакиев өз элине жана орто мектепти аяктаган “Орто Азия” айылынын жашоочуларына кайрылды.

Президент жарга такалды. Россиялык аскер самолёту Бакиевдин үй-бүлөсүн Казакстанга алып чыгып кетти. Россиянын жана Казакстандын мамлекет башчылары биздин мурдагы президентти качырууга катышын жарандык согушту болтурбай коюу максаты менен түшүндүрүштү. Чындыгында, биз канчалык эмне дебейли, түштүктө Бакиевдин тарапташтары көп болчу. Анткени менен алардын бир бөлүгү Бакиевди «түштүктүктөрдү сатып кетти» деген айып менен аны жактоодон баш тартышты. Россия менен Казакстан Бакиевдин жакындарынын жана туугандарынын коопсуздугун коргоону убада кылышты. Бирок, шарттар аткарылган жок. Биздин стратегиялык өнөктөштөр анын жакындарынын жана туугандарынын коопсуздугун кепилдикке алуудан баш тартышты. Ошондо КРнын президенти Бакиев мамлекет башчысы кызматын өткөрүп берүү чечимин өзгөрттү.

ШКИД РЕСПУБЛИКАСЫБЫ?

Эмне үчүн күрөшүштү? Бир кезде большевиктер адеп банктар менен байланыш түйүндөрүн басып алышкан. Кызыл-тазыл кездемелерге ураандарды жазып, популисттик убадалар менен чыгышкан. Революциялык күрөшкө канчалык катышкандыгына жараша партиянын ар бир мүчөсүнө чексиз бийликтин мандаты берилген. Биздеги апрелдик төңкөрүштө тарыхый окуялардын цикли уланып, кайталанды. Портфелдер оңду-солду таратылды. Эт күркөлөрдүн касапчылары акимдерге, базардагы соодагерлер министрлердин орун басарларына айланышты.

Убактылуулардын эрктүү чечимдери менен министрлер, губернаторлор, мэрлер, акимдер жана башкалар мамлекеттик кызматтарга дайындалып жатты. Айрым айыл өкмөттөрүндө төраганын креслосуна бир күндө үч башка адам келип алмашып отурган учурлар болду. Кээ бир айылдык кеңештерге эмдигиче экиден адам бекитилип турат. Эске ала турган жагдай, мунун баары элдин атынан жасалып жатат.

Энергетика жана өндүрүш менен бизнестин бардык стратегиялык маанилүү объектилери алардын колуна өттү. Айдар Акаев менен Максим Бакиев карактап алган мүлктөрдү көпкө күттүрүшкөн жок. Аларга Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен профессионал эмес тарапташтары чабуул коё баштады. Болгонун өзгөртүүнү чечишти. Бийликтин вертикалдуу реформасы айылдык кеңештердин деңгээлинде да колдоого алынган жок. Жакыр оперлер менен иликтөөчүлөр шектүүлөрдү коркутуп-үркүтүү жолу менен кылмыш иштерин жасап, өздөрүнүн “чөнтөктөрүнө” иштеп башташты. Ал эми соттор уят-сыйытын таптакыр жоготуп, ишканаларды баскынчы-рейдерлердин менчигине чечип берип жатышты. Ошол эле убакта Убактылуу Өкмөттүн манифесттери менен декреттери декларативтик мүнөздө чыгып жатты. Бишкектин айланасы революциялык алмашуулардын толкунунда бекер жер тилкелерин ээлеп алууну каалаган миңдеген адамдар менен курчалды. Бир кезде өз үлүш жерлерин алган жергиликтүү дыйкандар жаңы бийликтин коргоосун күттү. Алар айдап, үрөн сээп койгон жерлерди үй куруучу-революционерлер өзүмбилемдик менен басып алып, бөлүп алышкан. Муфтиятмаалымат жыйынында жерлерди уруксатсыз басып алган диний ишенимдеги адамдарды эсине келтирүүгө курулай аракет кылды. Жаңы кан төгүлдү.

“Розалар” шаар четиндеги кыйратууларга алгач мурдагы бийликтин тарапташтарынын катышы бар экендигин айтып чыкса, андан кийин киши өлтүрүү жана баскынчылыкка кайсы бир үчүнчү күчтөр күнөөлүү деген укмуштуу билдирүү менен чыкты. Ошентсе да, кызматка дайындалган биринчи сааттарда эле ички иштер министринин милдетин аткаруучу талоончуларды атууга буйрук берди. Жарадар болгондорду жана өлгөндөрдү ошол “үчүнчү күчтөргө” шылтап коюшту. Кызматтык дайындоолору башаламандык менен коштолсо да, жаңы бийликтен республика чечкиндүү кадамдарды күтүп турду. Кадрдык жайгаштыруу системалык жана кылдат талдоодон өткөн жок. Убактылуу Өкмөт менен катар эле бул өкмөттүн ишмердүүлүгүнө көз салып турууну чечип, өзүнөн өзү бий болгон кайсы бир көзөмөлдөөчү орган пайда болду.

КУРМАНДЫКТАР

Эми, Таласта окту ким биринчи чыгарганын таап чыгуу, көйгөйлүү маселе катары көрүнөт. Жаңы күчтөр менен эски бийлик бирин-бири күнөөлөп, бири бирине шылтайт. Биринчи кан ошол жакта төгүлгөн. Экинчи жолу автоматтардан ок Социал-демократтардын кеңсесинен алыс эмес жерде, Алма-Ата көчөсүндө атылып, гранатометтор жарылган. Анда Таластагыдай эле милиция кызматкерлери жабыркаган. 6-апрель күнү Токмоктогу “Гавайи” эс алуу борборунун жанында каза тапкан Кыргызстандын алты атуулу эсепке кирген эмес.

Кыйратуучу кырдаалды ал маалда токтотуп калуу мүмкүн болчу. Президент Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматтарын убагында алган эмес деген күмөн ой бар. Эмне үчүн өкмөт превентивтик чараларды колдонгон жок – өзүнө өзү ашыкча ишенгендиктенби же окуялардын олуттуулугун туура баамдай албагандыгынанбы – бүгүнкү күндө таптакыр болжоп билүү мүмкүн эмес.Мунун ордуна оппозициянын айрым лидерлерин абакка камап, элдин бүйрүн кызытты. Кошоматчылары Бакиевдин кулагына кесме илип, бардыгы көзөмөлдө экендигин айтып туруп алган.

ЭКИНЧИ КҮНҮ АТЫЛГАН ОКТОР МЕНЕН ГРАНАТАЛАРДЫН ЖАРЫЛЫШЫНАН ӨЛКӨ СОЛКУЛДАП ЖАТТЫ

Кызуу кандуу демонстранттар курчалган куралдуу солдаттардан жашынмак тургай, качып да койгон жок. Алар элге каршы согуштук ок атылат деп шек санаган эмес. Бирок, ок атышуулар болуп кетти. Биринчи ок митингчилер тараптан атылды, ал убакта Ак үйдүн чатырындагы снайперлер жок эле. “Илбирс” АК жана “Агропром” имараттарынын чатырларындагы снайперлер революционерлердин колуна түшүп калган. Аларды УКМКга алып келишкен имиш-деген сөз тараган. Бирок, ырасында ал жакка алып келишкен эмес. Алар каякка жок болушту? Алар кимдер эле? Жооп жок, азырынча болушу да мүмкүн эмес. Эки-үч жолу ок атылып, биринчи кан төгүлгөндөн кийин эле аянтка чогулган балдар кандын төгүлүшүн эңсегендер үчүн замбиректин жеми болгондугу билинип калды. Эч айыбы жок балдардын канынын төгүлүшү кайсыл жактан ок атылгандыгын сүрүштүрүүгө мүмкүнчүлүк бербеди. Мына ушул балдарды баатырлар деп атабай коюу такыр мүмкүн эмес болчу.

Айрым маалыматтар боюнча, ок атышууларда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да курман болушкан. Ал эми бул жигиттер кандай статус менен жерге берилди? Эмесе, чындап келгенде али боз улан формачан балдар өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарышып, кимдир бирөөлөрдүн буйруктарын жүзөгө ашырышпадыбы. Эки милиционердин, ИИМ академиясынын бир нече курсанттарынын өмүрүн алып кеткен, СГО жана Улуттук Гвардиянын бир нече кызматкерлери, ошондой эле тартип күзөтүндөгү жүздөгөн кызматкерлер жарадар болгон бул саясий ыкма үчүн кимдир бирөө жоопкерчиликти алууга тийиш эмеспи. Ким? Аларды ким атты? Ким буйрук берди? Идея жана логикага ылайык, тигилер дагы, булар дагы сот алдында жооп берүүсү керек.

ЖАСАЛМА ЖАНА ЧЫНЫГЫ ТИЛЕКТЕШТИК

Саясаттан тышкары экендиктерин биринчилерден болуп дарыгерлер көрсөтүштү. Жамгырдай жааган октун алдында, андан кийин бут алдына чалдыккан кыйроолорго карабай, жарадарларды демонстранттар жана талоончулар деп бөлбөстөн – кабылган жараттарынын даражасына жараша жардам көрсөтүүгө умтулушту. Ошол эле убакта кимдир бирөөнүн “башына оор сокку тийгендигинен” улам каза тапканын, же дагы биринин бычак жегенин, кайсы биринин “Макаров” же “ТТ” пистолетинин огу тийип, өлүмгө учурагандыгын так билдирип турушту.

Кыргызстандагы окуяларга дүйнө жүзү өз баасын бергенге ашыкты. Көптөгөн алдыңкы державалар финансылык жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Кыйроонун биринчи түнүнүн эртеси дароо эле шаардын тургундары, спортсмендер, афганчылар жана ИИМ ардагерлери өз ыктыярлары менен элдик кошуундарды уюштурушту. Ыктыярдуу топтордун жардамы менен канчалаган адамдар корголуп, канчалаган имараттар сакталып калгандыгын, бүгүн эч ким санап бере албаса керек. Жашоо уланууда. Кезектеги дайындоолор жүргүзүлүүдө. БШКнын мүчөлөрү шайланбастан, жөн гана бекитилип жатат. Төлөйкан Исмаилова оппозициянын дайындоолорунун легитимсиздигин ачыктан ачык жарыя кылды. БШКнын төрагасынын орду бош. Кызматтык бекитүүлөр “өзүбүздүкү – чоочун” деген принцип менен жүргүзүлүп жаткандыгынан шек туулбай койбойт. Республикадагы морт дүйнө, парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөргөнгө чейин бузулуп кетиши да мүмкүн. “Розалар” “жоогазындар” сыяктуу эле элдин эсинде бийлик үчүн күрөштүн жана аны калктын жыргалчылыгы үчүн колдоно албагандыгынын символу катары сакталып калмакчы. Арийне, өзгөрүүлөр зарыл.

Анын зарылдыгы биздин бактысыз элибиздин чыдамы түгөнгөндүгүнөн улам келип чыгууда. Бешенесине жазылган мындай сыноону Орто Азия аймактарындагы республикалардын бири да башынан өткөргөн жок. Парламенттик башкаруу Кыргызстандагы кырдаалды өзгөртөбү? Анткени менен, 14 адамдан турган комитетти мурдагы ишмердүүлүктөрүнөн саясий жана моралдык жактан таза эмес тактар калган жетекчилер ээлеп турат. Кайсы гүл эми кезектеги революциянын атрибуту катары колдонулат?

(уландысы бар)

Мезгил

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *