8-апрель. Дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын 13ү медицина кызматкери

  Мезгил

Кыргызстанда 8-апрель саат 09:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 42 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов  онлайн маалымат жыйында билдирди.

Министр билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 270 кишиге жетти.

Жаңы катталган 42 учурдун ичинен 16 эркек жана 26 аял. Бишкекте – 10, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 1, Нарын облусунда – 5 адам бар. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *