8-июндан тарта «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайы иштеп баштайт

   Мезгил

Жакында Кытай менен чек арадагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайы иштеп баштайт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.  

 Маалым болгондой, эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында 8-июндан тарта «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекетинин ишин эки өлкөнүн жүк ташуучулары үчүн гана кайра калыбына келтирүү жөнүндө макулдашуу жетишилди.

«Ал эми аталган көзөмөл-өткөрүү жайынын ачылышы жана иштеп баштоосу боюнча деталдуу маселелер эки өлкөнүн тиешелүү органдары тарабынан жакынкы күндөрү макулдашылат», – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *