19-20-апрель күнү Кыргызстанга Польша жана Кытайдан дарыгерлер келет

Мезгил

19-20-апрель күнү Кыргызстанга Польша жана Кытайдан медицина адистеринин тобу келет. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалым болгондой, чет элдик адистер ата мекендик медицина кызматкерлерине коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жардам көрсөтүшөт. Польша жана Кытайдан келген дарыгерлери кыргызстандык кесиптештери менен бул багытта маалымат жана тажрыйба алмашышат.

Белгилей кетсек буга чейин вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кытайдан 15 медик Кыргызстанга келээрин айткан.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *