9 пайыздан кокуйлап корккондор жана колдогондор

Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков

Кетмен-Төбө өрөөнүндө энергетиктер менен жолугушкан учурда Шайлоо кодексине киргизилген 9 пайыздык чек өзгөртүүсүз калтырыла тургандыгы жана мындан саясат издештин кереги жоктугу тууралуу пикирин билдирген. Колдойт.

Исхак Масалиев, ЖК депутаты, “Өнүгүү прогресс” фракциясы

Мындан 2 жыл мурун Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселеси көтөрүлгөндө каршы болгон. Мыйзамды келерки жылдын күзүнө чейин өзгөртсө болот. Бирок ага саясий эрк керек деп санайт. Каршы.

Камчыбек Ташиев “Ата Журт” партиясынын тең төрагасы

Келерки жылдагы парламенттик шайлоодо 9% босогону өзгөртпөй калтырууга, саясий атаандаштыкта күч сынашууга чакырган. Азыркы маалда ошол босогону ылдыйга түшүрөлү деп айтып жүргөн саясатчылар ушул норма кабыл алынганда унчугушкан эмес. Көпчүлүгү парламентте олтурушкан, эми гана айта башташты. Демек ошол маалда Атамбаевдин инициативасына каршы чыгууга эрктери жеткен эмес.  Жеке мен 9% босогонун калуусун каалайт элем. Саясий атаандаштыкта күч сынашалы. Кайсы адамдарга мамлекеттин тагдырын тапшырууга болот экенин эл чечсин. Колдойт.

Мирлан Жээнчороев, ЖК депутаты, “РАЖ” фракциясы

2017-жылы Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча 25 сунуш киргизилип, анын бири 9 пайыздык чектөө болгондугун, аны колдоп бергендиги тууралуу билдирди. Бирок учурда республикачылар ал жасаганына өкүнүп жатышат. Жок дегенде 5-7% чекке түшүрүү керек дейт. Каршы. Бармагын тиштеп өкүнөт.

Элвира Сурабалдиева, ЖК депутаты, КСДП фракциясы

2017-жылы 9 пайзыдык чекти колдоп берген. Учурда коомчулуктун пикири 9 пайыздык чекке каршы эмес экендигин байкаган. “Эгерде кабыл алынган мыйзам ошол бойдон калып калса, менин оюмча шайлоо таза, чыныгы күрөш менен өтөт болуш керек. Балким 30 жылдан бери жүргөн айрым саясатчылар өтпөй калып, жаш жаңы муун келип калат”, – деп ачык пикирин билдирген. Колдойт.

Каныбек Иманилаев, ЖК депутаты

2020-жылы парламентке депутат болуп келүүгө көзү жетпеген Иманалиев 9 пайызды колдобойт. Каршы.

Жолборс Жоробеков, саясат талдоочу

 Бул системага өтүүнү колдойт. Бирок азырынча эртерээк деген пикирин билдирип келет. Колдойт.

Жанар Акаев, ЖК депутаты, КСДП фракциясы

Кай жерде чуу болсо ошол жерге жете барып, башын салган Жанар да 9 пайыздан “коркот”. Каршы.

Алмазбек Токторов, ЖК депутаты, “Кыргызстан” фракциясы

Эл өкүлү шайлоо 9 пайыздык чектөө менен өтүшүн каршы эмес. Колдойт.

Өмүрбек Текебаев, үй камагындагы саясатчы

Босогону 3 пайызга чейин түшсө дейт. Каршы.

Таабалды Тиллаев, ЖК депутаты, “РАЖ” фракциясы

Эл өкүлү өкмөттүн иштерин эске алганда, 6 партия бир топ оордук жаратат деп эсептейт. Бирок босого упайын 9 %дык эмес, 7%дык кылса деле болмок деген оюн билдирген. Арсар.

Адахан Мадумаров, саясатчы

9 % катастрофага алып келет. 5 % болуу керек дейт. Каршы.

Кайрат Кыргыз, ырчы

9 пайыздан түк коркпойт. Керек болсо шайлоого аттанат. Коркпойт.

Ширин Айтматова, “Үмүт-2020” саясий кыймылы

Деги эле чектөөнү алып салуу керек дейт. Каршы.

Борончу Кудайбергенов, куудул

9 пайыздык чектөө алынбаса 3-төңкөрүш болот деп коркутуп келет. Каршы.

Чыпалак баатыр, балбан

Шайлоого аттанам дейт. Коркпойт.

 А сиз 9 пайыздык чектен коркосузбу?

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *