9 пайыздан корккондор, же парламентти “базарга” айланткысы келгендер

Мезгил

Равшан Жээнбековдун шайлоодогу 9 пайыздык чектөө боюнча пикирлери

Бүгүнкү күндөгү 9%дык чек – бул адилетсиз жана коркунучтуу болуп эсептелет.

Эмне үчүн адилетсиз? Анткени парламент мамлекеттеги ар кандай социалдык катмарлардын, ар кандай идеологиялык көз караштын мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет. Ал эми бүгүнкү күндөгү 9%дык чек менен парламентке жөнөкөй, колунда жок, айылдан чыккан адамдар, мугалимдер менен врачтар эч убакта келе албайт. Парламентке байлар, олигархтар гана келүүгө бүгүнкү күндө шарт түзүлүп жатат.

Эмне үчүн коркунучтуу? Эгерде парламентке жалаң эле акчалуулар, олигархтар гана келе турган болсо, анда бийлик менен элдин ортосундагы ажырым күндөн-күнгө ажырай берет дагы, ал коркунучтуу чекке барып калышы мүмкүн.

Башка мамлекеттердеги чектөөлөр кандай? Дүйнөнүн баардык жакшы мамлекеттеринде 2% менен 5%дын ортосунда. Европада ушундай чектер коюлган. Ал эми өткөн жылы Грузияда бул чекти таптакыр алып таштады. Ал эми Армения 5%дык чекти кармап турат. Биз 9%ды, Түркия 10%ды кармап жатат.

Бул менин оюмча, көпчүлүк саясатчылардын пикиринде туура эмес болуп эсептелет. Ошондуктан биринчи кезекте президенттен, парламенттен, граждандык коомдук уюмдардын, ММКнын өкүлдөрүнөн суранар элем, 9%дык барьреди шайлоого чейин карап чыгып, 2-3%га түшүргөнгө аракет кылалы. Бул мен айткандай эле 2-3%дык чек, парламентке кандай социалдык катмарлардын, ар кандай идеологиялык көз караштагы адамдардын келишине жана Кыргызстандагы саясатты стабилдештирүүгө бир топ жакшы шарт түзөт.

Бул сөздөрдү айтуу менен Равшан Жээнбековдун түпкү максаты эмнеде? Өткөн шайлоолордо 7%дык чек менен эле парламент түптөлүп келди го? Учурда ал босого 2% га эле көтөрүлгөн. Шайлоочулардын саны 3 миллион киши болсо, 2% болжол менен 60 миң добушту түзөт. Ал эми парламенттик жана президенттик шайлоолорго 1,5 миллиондой шайлоочу катышып келгендигин эске алганда 2% 30 миңдей добушка барабар.

Каршылашына караганда 30 миңден ашыкча добуш ала албаган, Республика боюнча 200 миңдей добуш топтой албаган партиянын эл үчүн кереги барбы? Андай партияны –  чабал, коркок, эт менен челдин ортосунда араң жүргөн, иттин терисине жабышып алып, денедеги жылуулук менен күн көрүп келген битке гана теңесе болот.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *