Абалың кандай Азия: Коронавирус канча адамдын өмүрүн алды?

Мезгил

Өзбекстанда:

34 миллион калкы бар Өзбекстанда таажы ылаңынан 40 адам каза болгон. 7-июлга карата жарыяланган статистика боюнча, Өзбекстанда ылаңга кабылгандардын саны 10 587 адамды түзөт. Анын арасынан 6 690 бейтап сакайып чыгышкан. Соңку күндөрдү каза болгондор көбүрөөк катталууда. Өзбек бийлиги пневмония боюнча өзүнчө маалымат бербейт.

Казакстанда:

Кошуна өлкөдө 51 059 казакстандык таажы ылаңын жугузуп алганы аныкталды. Анын ичинен 16 928 адам айыгып чыкса, оору 264 бейтаптын өмүрүн алган. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги 7-июлда пневмония менен 28 миң адам ооруканага кайрылып, анын ичинен 330 бейтаптын абалы оор экенин айткан. Мындан айыккандар жана каза болгондор тууралуу маалымат берген эмес.

Тажикстанда:

Өлкөдө аты жаман илдетти илештиргендердин саны 6 315ке жетип, 4 965 киши айыгып чыкты. Ошол эле учурда 53 тажикстандык ажал тапкан. Бирок, соңку үч күндөн бери көз жумгандар каттала элек. Тажикстан дагы өпкөнү сезгенткен оору боюнча статистиканы жарыялабайт.

Кытайда:

Оорунун очогу чыккан өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал басаңдаган. Илдетти жуктургандардын саны 84,9 миң бойдон турат. Айыккандар 79,7 миң, каза болгондор 4 641 адамды түзөт.

Россияда:

Бир миллионго жакын кыргызстандык жүргөн Россияда 694 230 адам ылаңды жугузган. Анын ичинен 463 880и айыгып, 10 494ү көз жумду. Пневмонияга чалдыккандар өзүнчө каралган эмес.

Кыргызстанда:

Кыргызстанда соңку 10 күндөн бери эпидемиологиялык кырдаал оорлошуп, COVID-19 жуктурган жана андан каза тапкандардын саны күн сайын өсүп жатат. Ушул сааттарда ылаңды жуктургандардын саны 8 486га жетти. Анын ичинен 2 983ү айыгып, 112 адам көз жумду. Аны менен бирге өпкөнү сезгенткен пневмония дартынан бир суткада 44 адам каза болуп, жалпы саны 268ге жетти.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *