Абдил Сегизбаев: Кой-Таштагы окуя боюнча баа берүү этикага жатпайт (видео)

   Мезгил

Бүгүн Кой-Таштагы окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны өтүп жатат.

Жыйында 7-8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө болгон окуя боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиев маалымат берүүдө.

Абдил Сегизбаевге окуяга кандай баа бересиз деген суроо беришти. Ал өзүнүн окуяга баа берүүсү этикага жатпай тургандыгын айтты.

«Кой-Ташка келгенимде бир тараптан ок атып, экинчи жактан таш ыргытып жатышкан. Анда кандайдыр бир баа берүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.УКМКнын мурдагы жетекчиси катары буга берүүгө  этикага  жатпайт” деди ал.

 Белгилей кетсек,  Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук саясий ишмерлер, эксперттер кирген.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *