Абдил Сегизбаевдин Улан Саляновду өлтүрүүгө тиешеси барбы?

    Мезгил

Бүгүн Бринчи май райсотунда Аида Салянованын иниси Уландын өлүмүнө байланышкан сот жараяны болмок. Күбөлөрдүн келбей калгандыгына байланыштуу жараян жылдырылды. Экс-Башкы прокурор инисинин өлүмүнө УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди күнөөлөп, кылмышты уюштурган топту жана Уланды өлтүргөн кишини колдоп тургандыгын билдирип,

“Мурда Абдил Сегизбаевди сотко алып келүү боюнча сураныч бергенбиз. Эгер ал сотко келе турган болсо, балким Алмазбек Атамбаевге да берилчү суроолор пайда болор. Мен Абдил Сегизбаевдин инимди өлтүргөн кишинин кызматынан пайдаланып келгендигин так билемин. Мени каралоо боюнча иш жүрө баштаган учурда инимди өлтүргөн кишини Москвадан Бишкекке экстрадициялап келишкен” деди.

Бул Аида Салянованын чын жүрөктөн чыккан сөзүбү, же мурда короосун шыпырып, буйругун кың дебей аткарып жүргөн кожолорунан өч алып жаткан кербезиби?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *