Абдрахман Маматалиев: Учурунда алар макул болгондо эле маселени маалкатпай чечип койсо болмок

Мезгил

Азыр эки өлкөнүн өкмөт башчылары жолугуп маселени талкуулап жатышат деп айтып жатышпайбы.  Алар бул тополоӊ болгонго чейин жолугушу керек болчу. Бул тууралуу мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев билдирди.

Анын айтымында 2014-жылдын башында да ушундай эле кырдаал болгон. Анда, Көк-Таш айылында жолдун курулушун баштап бир чакырымга  жетип калганда тажик тарап өз чек арачыларын алып келишип, тосуп өткөрбөй коюшкан. 

-Иш үзгүлтүккө учурап, биз атайын Тажикстандын вице-премьер-министри Алимордон, тажик президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хайруллаев деген мырзалар менен бир пикирге келген майнаптуу жолугушууларды өткөргөнбүз. Биздин чек ара кызматты алардын чек ара кызматты менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында маселени чечип, жолду баштаганбыз.

 

2015-жылы бул жолдун курулушун кайра калыбына келтирүүнүн астында да сүйлөшүүлөр жүрүп, анда «Көк-Таш айылынан жолду баштап, андан ары силер ары жагынан өтөсүңөр, бизге бул жагынан Тамдыкка карай жайлоолорго чыгууга мүмкүнчүлүк бересиңер» деп макулдашкан элек-деди Маматалиев.

Бирок, эмне үчүн бул жол кийин токтоп калганын, учурунда тажик тарап макул болгон учурда эле бул маселени чечип коюш керек болчу деп кошумчалайт.

-Анан эле биз кызматтан кеткенден кийин эмнеге кийин жол токтоп калганын түшүнбөй калдым. Негизи бул жол курулушун ошондо эле аягына чыгарып, маселени ошондо эле чечип коюшса болмок. Тажик тарап деле бул жолду биз баары бир кура турганыбызды, ал жол биздин өзүбүздүн аймак аркылуу өтөрүн билет.

Анан эмнеге эле алар кайра каршы чыгып жатканы кызык. Бирок биз тарап саясий эркин көргөзүп, учурунда алар макул болгондо эле маселени маалкатып, кечеңдетпей жолдун курулушун бүтүрүп салса болмок –деди Маматалиев.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *