Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы өткөрүлөт

Мезгил

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы өтөт. Бул иш чараны уюштуруу жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өкмөт башчынын мындай чечими мааракени натыйжалуу уюштуруу үчүн мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жетектөө жана координациялоо максаттарында кабыл алынды. Мындан улам жакынкы күндөрү Мухаммедкалый Абылгазиев уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрүүгө ниеттенүүдө.

Белгилей кетсек, А.Орозбековдун 130 жылдыгын өткөрүү боюнча иш-чаралар пландалууда. Ошондой эле анын тарыхындагы өлкөгө тийгизген таасири тууралуу илимий-конференция өткөрүү, Бишкек шаарында мемориалдык такта орнотуу жана А.Орозбеков атындагы музейди оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жана башка бир катар чаралар пландалып жатат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *