Абдылда Малдыбаев: Органдагы адамдар Матраимовдун ишинен кемтик табууга бир канча жолу аракет жасашты

Мезгил

Органдагы адамдар анын ишинен кемтик табууга бир канча жолу аракет жасашты. Бирок майнап чыккан жок. Анын кызматына көз арткандар көп болду-дейт  Бажы кызматынын мурунку маалымат катчысы, бул тармакта бир топ жыл иштеп кеткен Абдылда Малдыбаев.

Анын айтымында бийлик башына келгендер Райым Матраимовду кызматынан алууга бир канча аракеттер болгонун, далай текшерүүлөр жүргөнүн, бирок Матраимов баарына туруштук берген.

– Кылмыш топтор анын ордун алабыз, басып алабыз деген учурлар, Апрель окуясында, ага чейин деле анын кызмат ордуна көз арткандар көп болгон. Ал гана эмес Өкмөт алмашкан сайын анын кызмат ордун  алууга аракеттер болчу. Бирок Райымбек Матраимов бардык нерсеге туруштук берди. “Алгыла кызматыңарда, мен тоюп кеттим” деп кетип калган жок. Мен ошонусуна таң калдым.

 

Анан башкалар далилсиз уламыш кылып  айтып жаткандай бул бала ошол жерге колун матырган жери жок. Өзүнүн кызматкерлерине, Эркеч-Тамга барып, мага муну-тигини алып келип бергиле деп, салык салган фактылар жок. Органдагы адамдар анын ишинен кемтик табууга бир канча жолу аракет жасашты. Бирок майнап чыккан жок-деди Абдылда Малдыбаев.

Бажы кызматынын мурунку маалымат катчысы Райымбек Матраимовдун уюштуруу деңгээли мыкты экенин апрель окуялары, июнь окуялары боюнча өкмөттүк комиссияга да жардамы көп тийгенин кошумчалайт.

– Кээ бирлер саймедиреп сайраганы менен ишти алып бара албайт. Бул жагынан  анын уюштуруу деңгээли мыкты.  Бажы кызматына ар кандай долбоорлор боюнча келген чет өлкөлүк конокторду тосуп алганды, аларды жайгаштырганды, кам көргөндү билет. Ошол эле апрель окуялары, июнь окуялары боюнча өкмөттүк комиссия келген сайын алардын баарын жайгаштырып, бүт баарын даярдап, тааныбаган кишилерди деле көчөгө калтырбайт, кыргызча айтканда, дасторкону кенен киши-деди Абдылда Малдыбаев.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *