Абдырахман МАМАТАЛИЕВ, экс-депутат: “Мактангандык эмес… Марлен уулумдун шайлоого катышуусун баарыбыз колдойбуз”

Мезгил

Абдырахман МАМАТАЛИЕВ, экс-депутат: “Мен эс алуу курагына кете элекмин, парламенттик жарышка партиялардан сунуш түшүүдө…”

–Абдырахман мырза, парламентте шайлоодогу босого баллды 9 пайыздан түшүрүү боюнча кызуу талкуулар, алтургай кызыл чеке жаралууда. Алдыдагы шайлоодо канча пайыздык босого бал биздин шартта мүнөздүү деп ойлойсуз?

–Азыркыдай кырдаалда 7 же 5 пайызга түшсө “шайлоого катышып, жеңип чыгам” – деген дымактуу саясый партиялар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлмөк.

–9 пайыздык босого чек болсочу?

–Албетте, 9 пайыздык чек деле “саясый партиялардын биригип, чоң саясый күчтөргө айлануусуна алып келет” – деп жарыяланып, киргизилбеди беле. Бирок, бүгүн ошол эле демилгечилердин бир тобу “босогону 3-5 пайызга чейин түшүрүү керек” – деп кыйкырып жатышпайбы. Кээ бир саясый күчтөр (партиялардын) өздөрүнүн дараметин таразалап көрүп, эгер 9 пайыз боюнча калса, жарыштан утуп чыгышына көздөрү жетпей, ушундай сунуштар менен чыгып жатышат окшойт. Ошол эле мезгилде ушул шайлоо босогосун шылтоо кылып, кырдаалды курчутууга кызыктар саясый күчтөр да болушу мүмкүн.

–Өзүңүз бул сапар парламенттик аламан жарышка аттанасызбы? Же депутат уулуңуз Марлен Маматалиевге биротоло жол бошоттуңузбу?

–Мактангандык эмес, Марлен уулум депутаттык ишмердигинде бир топ жакшы мыйзамдарды, демилгелерди алып чыгып, шайлоочулардын, айрыкча, жаштардын колдоосуна ээ болууда. Жасап жаткан иштеринин баары мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын колдойт. Ошондуктан, биз баарыбыз анын шайлоого катышуусун колдойбуз.

 Мен жеке өзүм болсо, биротоло эс алууга кете турган куракка жете элекмин. Ден соолук Кудайга шүгүр, жакшы. Тажрыйбам жетиштүү, мамлекеттик кызматтын баардык тепкичтерин басып өткөнмүн дегендей. Учурда шайлоого карай бир, эки партиялардын сунушу бар. Азырынча чечим кабыл ала элекмин.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *