Абибилла КУДАЙБЕРДИЕВ: “Куралдуу Күчтөрдө “койчу көп болсо, кой арам өлөт” деген абал өкүм сүрүүдө”

Мезгил

Эл ичинде Абибилла Алымовичке карата “мекенди коргогон генерал болсо сизчелик болоор” деген кеп айтылып жүрөт. Өлкөбүздүн тарыхында эки ирет коргоо министрлигин жетектеп, Россиянын абройлуу академиясын алтын медаль менен аяктап, анысы үчүн президент В.Путиндин колунан алтын саат белекке алып, бул жагынан кадимкидей айырмаланган кыргыздын жалтанбай от кечкен генералы Кудайбердиевди Куралдуу Күчтөрүнүн майрамында куттуктап, азын-оолак сөзгө тарттык. Генерал-майор калган кепти кененирээк кылып майрамдан соң улантмай болду. 

Атамбаевдин президенттик соңку жылдарында кубаттуу коргоо министрлигин бөлүп-жарып, Генштабдын астына “басып беришкени” аз келгенсип, “аты улук, супарасы курук” комитетке айландырып тынышкан. Мезгилдин агымы менен андагы бийликтин идеясы туура эмес экени далилденип, учурдагы коргоо иштери боюнча комитетти кайрадан министрлик кылып түзүү мезгил талабы экени барган сайын далилденүүдө. Эки ирет коргоо министр болгон генерал катары буга карата оюңуз кандай?

–Мен бул боюнча буга чейин да айтып жүргөм, азыр да айтам, Атамбаевдин доорунда башталган «реформа» туура эмес багытта кеткен. Ал өз сөзүндө дайыма «Кыргызстандын армиясын жогорку деңгээлге көтөрдүк» дейт.

Маселен, дүйнө жүзү боюнча армиялардын рейтингин аныктаган эл аралык аналитикалык «Global Firepower» компаниясы 2011-жылы мен министр кезимде Кыргызстандын армиясы 77-орунда тургандыгын белгилеген. Атамбаевдин «реформасынан» кийин кыргыз армиясы 2016-жылы 108-орунда, 2017-жылы 91-орунга, быйылтан тарта бул көрсөткүч 110-катарга чыккан.

Алтургай Генералдык штабды түзүү деле 2-3 адамдын идеясы болгон. Анткени, ошол 2-3 адам өздөрү бийликке келип, Генералдык штаб аркылуу УКМК, ИИМ, чек ара кызматын, Улуттук гвардия баштаган Куралдуу күчтөрдүн баарысын бириктирип, башкарабыз деп ойлошкон. Бирок, турмуш көрсөттү го, баардыгы алардын «жука акылындай» болгон жок. Биз эмне Россиядан же Кытай, ошол эле Өзбекстан менен Казакстандан кыйын болуп кеттикпи?

Анан калса биз ШКУ, КМШ, ЖККУ сыяктуу эл аралык уюмдардын мүчөсүбүз. Аларда аскердик түзүм кандай болсо, бизде да ошондой болушу зарыл. Маселен, башка мамлекеттерде биздикиндей Генштабдын башчысынын статусу коргоо министринин 1-орун басарыныкы болуп эсептелет. А биздики болсо Генералдык штаб түзүп, коргоо министрлигин алсыздандырып, аны комитет кылган өтө туура эмес.

Өлкөбүз 1990-жылдардан соң өз алдынча мамлекет болгондон кийин куралдуу күчтөрүбүздүн базасында коргоо иштери боюнча комитет түзүлгөн. 25 жыл өткөндөн кийин биз алдыга кадам салгандын ордуна ошол арткы доорго кайтып, комитет кылдык.

Бүгүн Кыргызстанда куралдуу күчтөрүбүздү башкаруу системасы бузулду. Мурда бир адам (коргоо министри) башкарса, азыр Генштаб, кургактагы аскерлер бөлүгүн, абадан коргонуу күчтөрүн түзүшүп, чалмакейди чалышты. Бул туура эмес. Президент куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы катары коргоо министрин гана бекитиши керек.

Куралдуу күчтөрдөгү ошол эле Генштаб, абадан коргонуу күчтөрү, кургактагы аскерлер бөлүгү коргоо министрине баш ийиши зарыл. Азыр «койчу көп болсо, кой арам өлөт» деген кыргыздын макалындагыдай абал өлкөбүздүн куралдуу күчтөрүндө болуп жатат. Айтор, бул жагындагы кайсы көйгөйдү сурасаңар айтып, анын чечүүнүн жолдорунан өйдө сунуштай алам.

–Бул жагын анда келечектин темасы кылалы жолдош генерал. Бүгүн Куралдуу күчтөрүнүн майрам-шаңында кесиптештериңизге, офицер, сержант, ардагерлерге, генералдарга куттуктоо жолдой турсаңыз, калганын майрамдан кийин сөз кылганга жетишеттирбиз…

–Жакшы болот! Урматтуу жолдош жоокерлер, сержанттар, старшиналар жана прапорщиктер! Офицерлер жана генералдар! Кымбаттуу Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күнү менен ак дилимден куттуктайм! Мекенибизди көздүн карегиндей сактап, коргоо, коопсуздугубуз үчүн кирпик ирмебеген баарыбыздын эмгегибиз зор экени айтпасак да түшүнүктүү. Биз Ата Мекенди коргоочулардын аскердик салттарын улантууга жана өнүктүрүүгө милдеттүүбүз. Атуулдук менен аскердик милдетти абийирдүү аткарып жатканыңыздар үчүн сиздерге ыраазылык билдирем.

Мекенибиздин коопсуздугун коргоодогу түйшүктүү ишиңиздерге ири ийгиликтерди каалайм! Өлкөбүз тынч, жерибиз бүтүн болсун! Баарыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөөлүк бакыт тилемекчимин. Бар болуңуздар!

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

2 Comments on “Абибилла КУДАЙБЕРДИЕВ: “Куралдуу Күчтөрдө “койчу көп болсо, кой арам өлөт” деген абал өкүм сүрүүдө””

  1. Бул генерал озу заказ берип чыгарган интервью окшойт. Эки жолу министр МО болду, эки жолу тен уголовное дело менен айдалыптыр, дале бир нерседен умуттонот окшойт, ойду-тоону оттогонуна караганда. 58 жаштан откон генералды кайра кызматка чакырбайт, ошого булгиши далбастап жаткан тура

  2. Бугишини куралдуу кучтордо бирда адам кабыл албайт, эки жолу барып, иштей албай, уголовный иштер козголуп уят болуп кеткен. Азыр эч кимге кереги жок болуп далбастап жаткан учуру окшойт, Бул аскердик саясатты тушунбогон , рамкадагы солдафон. 58ге чыгып депрессия болуп жатат го (генерал-майор 58ден кийин призыв болбойт) сыягы ой болгон го кайра армияга барам деген. Тапкан, макатаганынар ушулбу?

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *