Абибилла Кудайбердиев, мурдагы коргоо министри: “Албетте мындай атышууга жол берилбеши керек болчу”

Мезгил

– Максаттагы чек ара чырында тажик тарап мектептин имаратын минемёт менен аткылады дешет. Буга аскер ишинде кандай баа берилет? Кагылышуу учурунда автомат, минемёт, снайпердик куралдарды колдонууга кандай жазалар колдонулат? – деген суроо менен мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиевге кайрылып, сылык-сыпаа жооп алдык.

– Коюлган суроо бир аз туура эмес го. Андай суроолорду согуш талаасында болгондо берсе болот эле? Азыр тынч мезгилде андай атышуулар да болбошу керек. Анткени Кыргызстан да Таджикистан да эл аралык абройлуу уюмдардын мүчөсү. Бул уюмдар – КМШ, ШКУ, ЖККУ. Албетте мындай атышууга жол берилбеши керек болчу. Бардык чек ара көйгөйлөрү дипломатиялык жол менен, мындайча айтканда сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек. Тилекке каршы кээ бир провокаторлор тарабынан курал колдонуу болуп кетти.

P.S. Албетте Абибилла Алымовичтин узаткан жообун сыйлап, рахматыбызды айтабыз. Бирок буга чейинки чек ара чырларына эки тараптын карапайым жарандары катышып, мергенчилик ок атылуучу куралдардан ок чыгарылып, бири-бирине таш ыргытып, автомашина, үй, сарай, кафелерге от коюу сыяктуу иштер менен коштолуп келген. Ал эми Максаттагы конфликтте айылдын мектеби оор курал менен аткыланган. Буга чейин тажик тарап Баткен районунда болгон чек ара чырында, мындан бир нече жыл мурда ушундай оор курал менен суу каналын аткылаган. Тилекке жараша анда жарылуу болбой калган. Ал эми Максат айылынын мектеби минемёт менен аткыландыбы, же грантамёт менен аткыландыбы, азырынча белгисиз. Тиешелүү комиссия иликтөө жүргүзүп, баллистикалык жана трасологиялык экспертиза жыйынтык чыгармайынча толук айта албайбыз.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *