Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру 20-июлда башталат

  Мезгил

Быйылкы окуу жылында абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлөт. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. 

Маалым болондой, абитуриенттерди окуу жайга кабыл алуунун биринчи туру 20-июлдан 22-июлга чейин уланат.

Аталган министрлик бул жараянды ишке ашырчу «Абитуриент Online» (www.2020.edu.gov.kg) автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыкты.

Бул система абитуриенттерди онлайн кабыл алууда биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттердин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт. Абитуриенттин үйүндө отуруп эле санариптик жол менен ЖОЖго тапшыруусуна жол ачат, кабыл алуунун сапаты жана ачык-айкындуулугу, тазалыгы жогорулайт. Ошондой эле ЖОЖдордун кабыл алуу комиссиясынын иши оптимизацияланат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *