Абыкеев: Жогорку Кеңеште депутаттар “Кимибиз көп жедик я-аа?”- дегенсип бирин бири карап сынашып отурушат

Мезгил

Президентибиз С.Жээнбеков ” Коррупция менен айоосуз күрөшөбүз”-дегени менен тегерегинде курчап коррупционерлер отурса, Парламентинин бери дегенде 90 пайызы (Эгер эле 100 пайыз болбосо) коррупционер болсо анан кантип коррупция менен күрөшөлү деген иши астыга жылат? –деп белгилүү жазуучу, коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев суроо салды.

Белгилүү жазуучу, Словениянын депутаты Дарий Крайчичти мисал кылып, туура эмес соцэксперимент жүргүзгөнү үчүн мандатын тапшырган батыш коомуна жетишибиз мүмкүнбү? Болсо кантип? Кандай жол менен? Качан? –деп жазат.

-Адамдагы абийир, ыйман төрөлгөндөн эле канынан, анан көргөн тарбиясынан болсо керек.  Словениянын депутаты  Дарий Крайчич сэндвич “уурдаганы” үчүн өз каалосу менен депутаттык мандатын өткөзүп берген. Тан калыштуусу депутат “ууру” кылганын өзү айткан. Ал дүкөнгө барып сэндвич алса сатуучулар ага көңүл бурбай койгон. Анан ал сэндвичке төлөбөй чыгып кеткен. Бул жоругун эч ким билбей калган. Бирок, депутат өзү кайра барып сэндвичтин акысын төлөп социалдык эксперимент жүргүзгөнүн, сатуучулар ар бир кардарга көңүл буруп карашы керектигин айткан. Бул жоругун депутаттык трибунада да ачыктаган. Тилекке каршы соцтармактарда ар түрлүү пикирлер айтылып талкуу жүрүп кеткенде депутат өз кылыгына өкүнөрүн айтып депутаттык мандатын тапшырып берген.

 

Мен муну эмнеге жаздым? Биздин 24 депутатка кылмыш иши козголгон экен. Айрымдары жабылыптыр. Көбүнүкү бүгүнкү күнгө чейин “тергөөчүлөрдүн ай сайын сааган саан ую” катары жабылбай иликтөөдө турат экен. Ошондо биз кандай коомдо жашап жатабыз? Туура эмес соцэксперимент жүргүзгөнү үчүн мандатын тапшырган батыш коомуна жетишибиз мүмкүнбү? Болсо кантип? Кандай жол менен? Качан?-деп жазат Абыкеев.

Белгилүү жазуучунун пикиринде кыргыз эл өкүлдөрүндө ыйман, абийир, чынчылдык, деген түшүнүк жок.

-Батыштын депутаты сэндвичти акы төлөбөй алып кайра барып акысын төлөгөнүнөн уялса биздин депутаттарыбыз мамлекеттин, элдин байлыгын талап тоногону үчүн сыймыктанып отурат. Дардайып семирип да алышкан. Парламентте “Кимибиз көп жедик я-аа?”- дегенсип бирин бири карап сынашып отурат. Биздин депутаттарда ыйман, абийир, чынчылдык, деген түшүнүк жок-дейт Абыкеев.

Коомдук ишмер,мындайда коомчулук силкинүүсү керектигин, эгерде коомчулук баш көтөрбөсө сазга баткан коомдун оңолушу кыйын экенин айтып, келечек муундарга таза абийирдүү коом калтыруу үчүн бирге күрөшүүгө чакырат.

-Президенттин “Коррупция менен күрөшөлү”- деген демилгесин колдоо максатында “Коррупциясыз кыргыз коому”- деген коомдук бирикме түзүп мыйзамдуу каттоодон өткөздүк. Келгиле биригели!? Өзүбүз жашаган коомду тазалап, келечек муундарга таза абийирдүү коом калтыруу үчүн бирге күрөшөлү… Ансыз келечегибиз бүдөмүк-дейт Абыкеев.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *