Абыкеев: Мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын буларың эчак эле жашыл акчага сатып жиберишиптир…

Мезгил

СӨЗ ЖЕТПЕГЕН ЫЙМАНСЫЗДЫК

Айрым бир жоруктарга так түшүндүрмө берүүгө сөзүң да жетпей калат. Акыркы учурларда ушундай аракет кыймылдар агрессивдүү түрдө көбөйүп баратканына түшүнбөй турам. Айрым мисалдарды келтирейин. Күздө сүрөт музейинде 40 миң долларга жалдашкан жылаңач аялды көрүүчүлөргө чыгарып, кермеге ич кийимдерди илип, жарым жылаңач аялга ичеги карын арттырып анан аны бүгүнкү күнгө чейин “Силер искусствону түшүнбөйт экенсиңер “-деген, 8- мартта аялдардын майрамына шылтоолоп, “Эркеке эркек, аялга аял баш кошуп үйлөнүүсүнө каршы чыкпагыла.”- деген парад өткөзүшүп, аны болсо “Укук коргогонбуз”- деген ойлорун бүгүнкү күнгө чейин таңуулап келаткандардын жоругуна түшүнүү мүмкүн эмес.

Ич кийимди кермеге илип кою, ичеги артмай, аялды акчага жалдап жылаңач көрүүчүлөргө алып чыгуу эч убакта искусство болгон эмес. Болбойт дагы. Аны искусство дегендердин ой түшүнүгүндө медициналык мандем бар. Андай иш чараны искусство музейинде эмес, кайсыл бир түнкү клубдарда өткөзсө балким ордун тапмак.

Ал эми искусство музейинде өткөзүп, анан аны “Искусство”- деш, ошол мамлекетти, улутту шылдыңдагандык. 8- мартка шылтоологон парады болсо аялдарды шылдыңдоо. Мындан башка жыйынтык чыгарууга мүмкүн эмес.

Жакындан бери “Бей өкүмөт уюмдар жөнүндө” -деген мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизген жатышыптыр. Кокуй, чет өлкөдөн каржыланган бей өкүмөт уюмдардын укугун бузуп, жок кылганы калышыптыр”- дешип чуу чыгара башташты. Мыйзамга кызыгып көрсөм эч кандай “Укук бузуу же жок кылуу, чет өлкөдөн каржыланган уюмдардын ишине, катталуусуна тоскоолдук жаратуу”- деген түшүнүктөр жок экен. Эч кандай тыю салуу жок.

Болгону “Чет өлкөдөн каржыланган бей өкүмөт уюмдар түшкөн каражатты каякка жумшашканы тууралуу ачык отчет беришсин”- деген жери эле тигилердин күйбөгөн жерлерин күл кылып, чыркыратып жатыптыр.

“Бардык жерде, иште демократия болсун. Ачык коом куралы”- деп кимдер эң көп кыйкырат? Чет өлкөдөн каржыланган уюмдун өкүлдөрү. Анан эле өздөрүн, “Чет өлкөдөн алган каражаттарынарды ачыктап койгула”- дегенге чалкасынан кетишет экен. Чет өлкөдөн агылып келген миллиондогон каражаттардын кайда жумшалып жатканын ачыктагылары келбейт экен.

Көрсө 40 мин долларга аял жалдап жылаңач эл алдына чыгаргандарын көрсөткүлөрү келбейт экен. Эч ким тааныбагандарды (Көбүнчө коңшу мамлекеттерден) чоң каражатка жалдап келип, “Эркек эркеке үйлөнгүбүз келип жатат”- дедирип өбүштүрүп элге чыгарып аткандарын ачыктагылары келбейт экен.

Кыргыздын кылымдардан бери келаткан улуттук нукура нарк-насилине каршы келген, улуттун улуттук менталитетин талкалаган иштерди жүргүзгөнгө жумшалган каражаттарды ачыктагылары келбейт экен. Ал иштерге келгенде буларың демократияны тааныбай калышат экен. Демек демократия дегенибиз ушулардын гана кызыкчылыгына туура келген иштерге иштеши керек экен. “Мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын”- деген түшүнүктү, буларың эчак эле жашыл акчага сатып жиберишиптир. Кыргыз мамлекети мындай мыйзамсыз, мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн талкалаган, улуттун улуттук менталитетин бузган жоруктарга качанга чейин көз жумат? Качан сырткы күчтөрдүн жетелеме саясатынан чыгат? Качанка чейин кайсыл бир мамлекет “Силер демократияны сактабай атасыңар”-деп айтып жибербесин деп коркот? Биз чын эле эгемен мамлекетпизби!?

Автор: коомдук ишмер, жазуучу Чолпонбек Абыкеев.

Булак: Мезгил

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *