Абылгазиев: 2020-жылдагы шайлоого бюджеттен 1млрд 200 млн сом бөлүнөт

   Мезгил

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдагы шайлоого бюджеттен 1млрд 200 млн сом бөлүнө тургандыгын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында билдирди.

    “Келээрки 2020-жылда бизде чоң иш чаралар күтүп турат. Күзүндө парламенттик шайлоо өтөт ага бюджеттен 1млрд 200 млн сом бөлүнөт. Ошондой эле Токиодогу жайкы Олимпиада  бар аларга биздин спортчуларыбыз да катышат,  маданият тармагына  режиссерлор кино тартуу үчүн мамлекеттен каражат бөлүнөт. Мындан сырткары 2020-жылы мамлекеттик эл каттоо да болмокчу” деди өкмөт башчы.

Муну менен катар эле мамлекеттик тышкы карызды азайтуу үчүн дагы иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, кийинки 2020-жылы Кыргызстанда  парламенттик шайлоо өтөт.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *