Абылгазиев айыл чарба министрине Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдогон жок

 Мезгил

   Премьер-министр Мухаммедкалый  Абылгазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрине  “Бир Бол”  фракциясы көрсөтүп жаткан Тилек Токтогазиедвин талапкерлигин колдогон жок.

Бул тууралуу Өкмөт башчысы конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Парламенттин регламенти комитетинин бүгүнкү жыйынында айтты.

Премьер кадрды тандоодо анын бир гана жаш өзгөчөлүгүнө басым жасабай турганын билдирди.

“Тилек Токтогазиев — жаңыча көз карашы бар жаш ишкер. Күнөскана бизнеси чөйрөсүндө эмгектенет. Бирок жаштыгы менен билиминен сырткары анын тажрыйбасы да болушу зарыл”, — деди өкөт башчы.  

Эске салсак,  «Бир Бол» фракциясы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштаган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *