Абылгазиев: Биз ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр туруп, аларды ыкчам чечүүгө тийишпиз

   Мезгил

Биздин милдет – калкты, анын ичинде социалдык жана башка объекттерди үзгүлтүксүз электр энергиясы жана катуу отун менен камсыз кылуу. Биз ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр туруп, аларды ыкчам чечүүгө тийишпиз. Бул тууралуу  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси каралган өкмөтүнүн кезектеги жыйынында айтты.

 «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы  Айтмамат Назаровдун айтымында, учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,2 млрд куб. м. түзүүдө.

«Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2 млрд куб. метрге аз. Бирок бул күз-кыш мезгилдери үчүн жетиштүү көлөм. Бир катар гидроэлектростанцияларда жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштери күз-кыш мезгилинен өтүүгө таасир этпейт. Бирок кийинки кыштан өтүү боюнча тынчсыздануу бар, себеби суунун аз болоору байкалууда. Бул көрүнүштү эсепке алуу менен, Өзбекстан Республикасына  кышында электр энергиясын берүүдөн баш тарттык, Казакстан Республикасына келишим боюнча 270 КВтс. беришибиз керек. Иштелип чыккан электр энергиясын үнөмдөө үчүн 45 майнинг чарбасына электр тогун берүү токтотулду», – деп Айтмамат Назаров кошумчалады.

Өкмөт башчы ири компаниялардын, өзгөчө энергетиктерге карызы барлардын электр энергияны колдонуусуна мониторинг жүргүзүү керектигин белгиледи.

«Энергияны үнөмдөөнүн жаңы механизмдерин дагы киргизүү зарыл. Мисалы, «Газпром–Кыргызстан» ЖЧКсы Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүн газ менен камсыздоону сунуштап жатат. Бул негизинен жаңы конуштар. Бул үчүн өзүнчө программа керек, аны ыкчам иштеп чыгуу абзел», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *