Абылгазиев: «Биздин негизги аракеттерибиз ата мекендик ишкерликти колдоо”

  Мезгил

Кризистен кийинки мезгил экономикадагы бир канча  тармактын өнүгүшүн шарттайт. Бул тууралуупремьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, коронавирус инфекциясы бүтүндөй мамлекет үчүн чоң сабак болду, иш жүзүндө экономиканын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн баамдоого шарт түзүп, ошол эле учурда  жакынкы келечекте өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жардам берди. 

«Биздин негизги аракеттерибиз ата мекендик ишкерликти колдоого, импортту алмаштыруу саясатын активдүү жүзөгө ашырууга, экспорттук дараметти бекемдөөгө, экологиялык таза продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана жаңы рынокту өздөштүрүүгө багытталат. Биз COVID-19 вирусун жеңгенден кийин посткризистик мезгилде бир катар тармактар өнүгүү үчүн жаңы өбөлгө алышат. Бул биринчи кезекте медицина, медициналык технологиялар, адамдык потенциалды өнүктүрүү, дистанттык билим беруү жана аралыктан кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрү, электрондук коммерция жана соода. Санариптештирүү саясаты натыйжалуулугун көрсөттү. Мисалы, бүгүн биз дистанттык салыктык текшерүүлөр тууралуу чечимдин үзүрүн көрө алабыз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *