Абылгазиев: Элдин алдында Өкмөттүн отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырдык

   Мезгил

Биздин Өкмөт 2000-жылдан кийинки биринчи жолу элдин алдында Өкмөттүн отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырган Өкмөт болду. Бул туурасында экс-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар менен жолугушууда билдирди.

«Ошондой эле биз 3 жолу өлкөнүн реалдуу бюджетин бекиткен жана аны ашыгы менен аткарган Өкмөт болдук, андан тышкары антикризистик бюджетти бекиттик. Мен 1-2 санга токтолгум келет: ИДПнын көлөмү 2018-жылы – 3,8% болсо, 2019-жылы – 4,5% өсүштө болдук., ал эми ИДПнын номиналы 2016-жылы – 476 млрд сом болсо, 2018-жылы – 569 млрд сом болсо, 2019-жылы – 590 млрд сомду түздү, же өсүш 114 млрд сомго көбөйдү (+20%). Бюджет 2018-жылы –135 млрд сомго барабар болсо, 2019-жылы – 148,4 млрд сомго жетип, 13 млрд сомго өскөн. Ал эми 2020-жылы COVID-19 пандемиясына чейин бюджетти 163,7 млрд сомго дейре жеткирүү болжолдонгон», – деп билдирди экс премьер-министр.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *