Абылгазиев эмнеге кейип жүрөт?

  Мезгил

Биз өкмөттү жана анын башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жасаган иштерине көп жолу сын айтып келебиз. Бирок өкмөт башчынын жеке жашоосуна, кебете-кепширине, жерлигине, пенде катары кетирип алган жеке каталарына сын айтып, же шылдыңга алган эмеспиз. Антүү адамдык да, журналист катары кесиптик адепке да туура келбейт. Бирок мамлекеттик жогорку кызмат ордунда иштеп жаткан киши катары жасаган ишиндеги кемчиликтерге, айланасындагы командасынын чабалдыгына далил менен сын жолдоп келе жаткандыгыбыз чындык.

Абылгазиевдин акыркы кездеги сүрөттөрүн көрүп, ал кишинин маанайы суз тартып, бирдемкеге ичтен кейип жүргөндөй сезим калтырды. Аядык. Жумуш жумуш менен, бирок, адамгерчилик адамгерчилик боюдон кала берүүсүн кааладык. Ал киши дайыма күлүп, жайдары маанайда жүрө турган. Эмне болду, же ден соолугу ооруп жүрөбү?

Максат айылындагы куралдуу кагылышууга барып эл менен жолукканда ушундай маанай байкалган. Ал тургай чек арада ТР премьер-министри Кохир Росулзода менен жолуккан убакта да кош коңүл учурашканын сүрөттөн байкоого болот. Кийин Баткендин Кызыл-Бел чек ара постундагы сүлөшүү учурунда да олуттуу олтурду. Ага караганда Жеңиш Раззаков башкача маанайда эле. Абылгазиевдин маанайы чөгүңкү экендиги бүгүн Ынтымак багында тазалык боюнча өткөрүлгөн ишембиликте да байкалды. Журналисттер суроолорун жаадырып жатты. Абылгазиевдин жооптору:

1) Чек аранын делимитация маселесин сүлөшүү жолдору менен гана чечүүгө болот.

2) Чек ара маселесин курал жана башка күч колдонуу жолдору аркылуу чечүү туура эместигин практика көрсөтүп жатат. Бир гана сүйлөшүү жолдору аркылу чечилиши керек.

3) Бул процессте жеңип чыккан тарап болбойт. Эки тарап тең бир жерде чегинсе, бир жерде алдыга жылышы керек.

4) “Парламент тарайбы же өкмөт отставкага кетеби?” деген суроого – Бул мен үчүн экинчи маселе. Азыр мени элге, шаарга, карапайым калкка эмне жасаш керектиги көп ойлонтот – деди.

Эмнеси болсо да ден соолукта болуп, маанайыңыз чөкпөй жүрсүн, урматуу Мухаммедкалый Дүйшөкеевич!

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *