Абылгазиев Иманкадыр Рысалиевди кызматтан алат

Мезгил

Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев “Ачык өкмөт” улуттук формунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиевди кызматынан алууну сунуштады.  Бул туурасында өкмөттөн билдиришти.

     Маалым болгондой, Абылгазиев ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы элчи Пьер фон Арксуга “Ачык өкмөт” Улуттук формунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиевди кызматынан алуу сунушун киргизди. Маалыматта бул аталган жагдай боюнча коомчулуктагы нааразылыктан улам болгондугу айтылган.

 Өкмөттөн бул программаны ЕККУ каржылай турганын айтышты. Эми аталган кеңсенин жетекчиси Улуттук Форумдун мүчөлөрүнө кайрылышы керек. Анын курамында жарандык коом менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар. Эми чечимди алар кабыл алмакчы.

 Белгилей кетсек,   “КТ Мобайлдын” жетекчилери 300-350 миң маяна алары айтылып, директордун орун басары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин баласы экени ачыкталган.

Бул коомчулукта резонанс жаратып, жетекчилердин баары иштен кетүүгө мажбур болду.

Бул чырдын айланасында депутаттык комиссия түзүлгөн.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *