Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат

 Мезгил

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, өкмөт башчы сапардын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чарага, Кочкор айылында анын атындагы музей имаратынын пайдубалына капсула салууга катышат. 

Премьер-министр ошондой эле Комсомол айылында С.Өмүрбаев атындагы орто мектептин ачылышына катышып, Нарын облусунун Кочкор айылындагы бир катар социалдык жана маданий объекттерди кыдырмакчы.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *