Абылгазиев иш сапары менен Россияга учуп кетти

   Мезгил

  Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев Россияга Москва шаарына иш сапар менен кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Иш сапардын алкагында Өкмөт башчы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына, ошондой эле ушул жылдын 25-октябрында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында күн тартибиндеги 15 маселе каралат. Ал эми КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда 19 маселе каралат.  Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *