Абылгазиев: Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул бүтүндөй коом үчүн трагедия

Мезгил

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул бүтүндөй коом үчүн трагедия”-дейт.  Коомдун үрөйүн учурган аялдарга карата жасалган катаал мамиле фактыларын мамлекет көңүл буруусуз калтырбайт.

 Президентин  Жарлыгы менен 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланганын эске алуу менен өкмөт  аялдардын жана балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин күчөтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу   премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

«Баткен жана Нарын облустарында жаш энелердин өлүмүнө алып келген   үй-бүлөлүк зомбулук фактылары тууралуу жаңылыктар акыркы күндөрү өлкөнү дуу кылды. Алар үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп, балдар жетим калышты. Энелери күйөөлөрүнүн колунан каза табышты, алар жасаган кылмышы үчүн катаал жазага тартылышат. Акыркы каргашалуу окуялар бүгүнкү күнү үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү көйгөйү болуп көрбөгөндөй актуалдуу экендигин ачык күбөлөндүрөт.

Тилекке каршы, көп жылдардан бери үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси ачык айтылбай, жаап-жашырылып келүүдө. Ошентсе да үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук – бул бир бүлөнүн жеке көйгөйү эмес. Бул укук бузуу, коом мындай ырайымсыздыкка көз жумуп койбошу керек. Зомбулук көрсөткөн адамды актай турган себеп жок жана болбойт дагы. Өлкөдө аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулукка каршы маанай түзүлүүсү керек. Үй-бүлөдөгү ынтымак менен ырашкерлик – бул жогору баалап, коргой турган жашоодогу маанилүү баалуулук экенин ар бир адам түшүнүүсү зарыл. Ден соолугу чың, бактылуу аялзаты – бул бейпил үй-бүлөнүн  жана бакубат улуттун кепилдиги», – деп баса белгиледи Өкмөт башчы. 

 Премьер-министр Ички иштер министрлигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары менен биргеликте үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *