Абылгазиев: Көптөр карантинди токтотуу менен мурдагы жай турмушка кайтуу катары көрүшүүдө, бирок андай эмес!

  Мезгил

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерди жоопкерчиликтүү болууга жана карантин аяктаганча обочолонуу тартибинс сактоого чакырды. 

 –Коронавирус инфекциянын кырдаалга тийгизген таасирин эске алуу менен бул өлкө үчүн оор, бирок ошол эле учурда өтө маанилүү чечим болду. 

Бирок көптөр бул жеңилдиктерди карантиндик режимди токтотуу жана мурдагы жашоо шарттарына кайтуу катары кабыл алышууда. Мен белгилей кетейин, андай эмес! Жумушка уруксат алгандардан башка бардык жарандар карантинди сактоого тийиш. Бүгүн вирус менен күрөштө маанилүү этап келди, ал ар бир жарандан жоопкерчиликти жана тартипти талап кылат. Биз жумшаган бардык күч-аракетибиздин текке кетишине жол бере албайбыз-деди өкмөт башчы.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *