Абылгазиев: Кайсы гана өлкөнүн экономикасы болбосун инвестициясыз натыйжалуу иштей албайт

   Мезгил

Кайсы гана өлкөнүн экономикасы болбосун инвестициясыз натыйжалуу иштей албайт. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев BIF-2019 Бишкек инвестициялык форумунда билдирди.

«Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, жеке менчикти коргоо жана бардык бюрократиялык тоскоолдуктарды четтетүү биздин жалпы ишибиздеги маанилүү артыкчылык болуп саналат. Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө туура тандалган артыкчылыктар натыйжаларын берүүдө.

Алсак, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча түз чет элдик инвестициянын агымы дээрлик 40% көбөйгөн, ал эми 2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 60% жеткен. Тышкы соода балансынын тартыштыгы 450 млн АКШ долларына кыскарган. Бул начар көрсөткүч. Ички ресурстардын, өндүрүштү өбөлгөлөөнүн жана бюджеттин ашыкча чыгымдарын кыскартуунун эсебинен биз өлкөгө келген инвестициялардын агымын турукташтырууга жетише алдык. Атамекендик экономиканын турукташуусундагы кыйла маанилүү дагы бир нерсе тышкы карыздын анча чоң эмес, бирок туруктуу төмөндөө тенденциясы болуп саналат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, коррупцияны жок кылуу механизмдери өлкө үчүн Бүткүл дүйнөлүк банк – эл аралык каржы институтунун версиясы боюнча «Бизнести жүргүзүү» эл аралык рейтингинде ТОП-20 реформатор өлкөлөрүнүн катарына кирүүгө шарт түздү.

 Маалымдама: BIF 2019 Бишкек инвестициялык форуму үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Форумдун уюштуруучусу – JIA бизнес-ассоциациясы.

Форумдун алкагында International Franchise and Trade Expo эл аралык көргөзмөсү да өтөт. Быйыл форум дүйнөнүн 10 өлкөсүнүн өкүлдөрүн бириктирди, алар: АКШ, Евразиялык Биримдик жана Жакынкы Чыгыш, ошондой эле Борбор Азия аймагынын өлкөлөрү.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *