Абылгазиев: «Өкмөт депутаттык комиссиянын ишине жардам берип, биргелешип иш алпарууга даяр»

   Мезгил

Өкмөт өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу анын ичинде республикалык бюджетти аткаруу, коомчулуктун көңүлүн өйүп турган коррупциялык жосундарды жоюу, жаңы жумушчу орундарын түзүү жаатында бир катар алгылыктуу чараларды көрүп жатат. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште республикалык бюжеттин долбоору каралып жатканда билдирди.

 Пермьер-министр бажы тармагында орун алган коррупциялык жосундарга карата каршы пикирлерин айтып жаткан коомчулук менен эл өкүлдөрүнүн пикирин колдой турганын, Өкмөт Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишине жакындан жардам берип, бул багытта биргелешип иш алпарууга даяр экенин баса белгиледи. «Экономиканын өнүгүшүнө бөгөт болгон мындай терс жосундарга каршы биргелешип күрөш жүргүзүшүбүз керек», – деп, ал депутаттарды сунушталган бюджет долбоорлорун колдоп берүүгө чакырды.

 Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *