Абылгазиев: «Коопсуз шаар» боюнча алгачкы күнү эле жолдогу абал өзгөрө баштады

 Мезгил

 Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг жүргүзүү борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат казматы билдирди.

«Кечээтен тарта видеофиксациялоо камералары жана аппараттык-программалык комплекстер Бишкек шаарындагы жол эрежесин бузууларды каттоого ала баштады. Бул долбоорду ар кандай себептер боюнча ишке ашырууга мүмкүн болбой келген.

 

Ошол эле учурда унаалардын көбөйүшүнө байланыштуу жол кырсыктарынын саны өсүп, жолдордогу абал татаал бойдон калып келген. Абалдан чыгуу үчүн чечкиндүү талаптар зарыл болгон, анын натыйжасы катары «Коопсуз шаар» долбоору ишке берилүүдө. Эксперттик топ иш алып барып, андан соң сынак жарыяланган, анын жыйынтыгын чыгаруу иши катышуучулардын өз-ара сын-пикирлеринен улам создуктурулган. 2018-жылдын декабрь айынын соңунда гана жеңүүчү аныкталган. Бул жөнөкөй эмес ишке өз салымын кошкон бардык жактарга ыраазычылык билдирип кетким келет. Сизердин күч-аракеттериңиздерге жараша жолдогу коопсуздукту жана тартипти камсыздоодо маанилүү кадам жасай алдык.

 

Ошондой эле аталган долбоордун ыкчам ишке киргизилүүсүн негиздүү талап кылган жана биздин аракетибизди колдоого алган бардык жарандарга ыраазычылык билдирем», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, алгачкы күнү эле жолдогу абал өзгөрө баштагандыгы байкалган.

«Аталган долбородун ийгиликтүү ишке ашырылышына ар бирибиз кызыкдар болдук. Президент Сооронбай Жээнбеков долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөттү. Кечээ айдоочулар жол кыймылы эрежесин сактай баштагандыгына ар бирибиз күбө болдук. Мунун өзү алар тартипке умтулуп, ал эми жолдорубуздун коопсуздугу жакшырып жаткандыгынан кабар берет. Адамдар коопсуз өлкөдө жашоону каалайт», – деп белгиледи  Абылгазиев.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *