Абылгазиев: Коронавирус менен күрөшүүгө бюджеттен 700 млн сом бөлүнгөн

  Мезгил

Коронавирус менен күрөшүүгө бюджеттен 700 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, учурда ал каражаттын 500 млн сом сарпталган.

“Анын ичинен 215 млн сому Саламаттык сактоо министрлигине дарылоо, жеке коргонуучу каражаттарын, дары-дармектерди сатып алууга берилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине обсервация, тамак-аш уюштурууга, күйүүчү май ж.б. каражаттар үчүн 300 млн сом бөлүнгөн. Бирок анын баары толук колдонула элек. Күч түзүмдөрүнө блокспостто тургандардын ишин камсыздоо үчүн, Транспорт министрлигине, Тышкы иштер министрлигине сыртта болгон жарандарды алып келүү, ал жакта маселеси болсо чечип берүү үчүн каражаттар бөлүнгөн.

Мындан тышкары ветеринария кызматына 3 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Андан тышкары 27,7 млн сом облустагы өкүлчүлүктөргө, райондорго карантиндик чаралар үчүн берилген”, – деди өкмөт башчы. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *