Абылгазиев: Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чаралар кабыл алынды

Мезгил

Кыргызстан  коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чараларды кабыл алды. Бул тууралуу премьер-министр и Мухаммедкалый Аблыгазиев  Өкмөттүн  кезектеги жыйынын жүрүшүндө билдирди. 

Өкмөт башчы жыйынды ачып жатып, коронавирустук инфекция чыккан  Кытайда  түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чаралар тууралуу айтты 

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Саламаттыкты сактоо министирлиги тарабынан дароо чаралар топтому кабыл алынды: ыкчам штаб түзүлдү, мамлекеттик чек аранын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү, «Манас» жана «Ош» аэропортунда келген жүргүнчүлөрдү текшерүү үчүн дене табын өлчөгүчтөр орнотулду. 2020-жылдын 23-январынан тарта Кытай Эл Республикасы менен аба, унаа жана темир жол каттамдары толук бойдон токтотулду. 

Премьер-министр баса белгилегендей, өлкөгө ташылган айыл чарба продукцияларына көзөмөлдү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *