Абылгазиев: Мамлекет эч кимди көңүл буруусуз жана камкордуксуз калтырбайт

   Мезгил

«Мамлекет эч кимди көңүл буруусуз жана камкордуксуз калтырбайт – бардык муктаждарды азык-түлүк менен камсыз кылабыз» Бул тууралуу  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев   Өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусундагы кеңешмеде билдирди. 

«Өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат киргенине бир жума болду. Көпчүлүк жарандарда тамак-аштын запасы бар. Бирок аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө азык-түлүктүн запасы азаюуда. Биз мындай көйгөйгө кабылган ар бир үй-бүлөгө кам көрүшүбүз керек. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш жеткирүү иши башталды. Биз чындыгында мындай жардамга муктаждарды көңүл буруусуз калтырбашыбыз керек.  Бул үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте кыска мөөнөттүн аралыгында бардык тизмени кайра карап чыгып, дыкат жана терең талдоо жүргүзүүгө тийиш», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бул жерде сөз калктын социалдык жактан аярлуу катмары, кыйынчылыктарга туш болгон жана керектүү тамак-аштын запасын алууга мүмкүнчүлүгу жоктор тууралуу болууда. Бишкек шаары боюнча социалдык маанидеги 35 миң азык-түлүктүн топтомун таркатуу пландаштырылууда. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *