Абылгазиев Россия жана Казакстандын өкмөт башчылары менен телефон аркылуу сүйлөштү

 Мезгил

Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев Россия  өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн  маалымат кызматы билдирди.

Россия өкмөт башчысы менен сүйлөшүүдө коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу маселе, анын таркашына жол бербөө боюнча кабыл алынып жаткан чаралар талкууланды.

Ошондой эле Россиядан   импорттолуучу күйүүчү-май, азык-түлүк  жана товарларды ташуу мурдагыдай тартипте жүзөгө ашырылып жатканы белгиленди.

Ал эми Казакстандын премьер-минисри Аскар Мамин менен Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө өз ара кызматташуу жана тараптардын калкты  COVID-19дан сактоо боюнча кабыл алган чаралары, ошондой эле мындан ары кызматташуунун негизги багыттарын талкуулады.   

Мунун менен катар эле өкмөт башчылар өзгөчө абал шартында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк ташууну камсыз кылуу маселеси талкууланып, дагы бир жолу өлкөлөр ортосунда товарды эркин ташуу үчүн шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн сөз кылышты.    

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *