Абылгазиев: Социалдык тармактарда коронавирус оорусу жок экендиги, бул ойлонулуп табылган нерсе

Мезгил

Өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузуп алуу коркунучу дагы да сакталууда. Бул туурасында   Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Бүгүнкү күндө социалдык тармактарда коронавирус оорусу жок экендиги, бул ойлонулуп табылган нерсе, ал эми бийлик жарандарды негизсиз үйдө отурууга мажбурлоодо деген сыяктуу талкуулар жүрүүдө. Мен кыргызстандыктарды мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырам! Өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузуп алуу коркунучу дагы да сакталууда. Эгерде бул дарт жок болсо, андан каза тапкандар да болмок эмес. Тилекке каршы, биз бир медициналык кызматкерден айрылдык», – деди Өкмөт башчы. 

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле мекендештерди себепсиз үйдөн чыкпоого, адамдар көп чогулган жерлерден алыс болууга, беткап кийүүгө жана баша санитардык эрежелердин талаптарын аткарууга чакырды. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *