Абылгазиев “татыктуу” кадрын иштен алабы?

Мезгил

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети өкмөттөн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин иштен алуу маселесин кароону жана баасы 82 миң доллар турган бул жол тандабасты сатып, ордуна «Тез жардам» унааларын сатып алууну тапшырды.

Ошондой эле министрге кымбат баалуу жол тандабас сатылып алуунун мыйзамдык жагын текшерүү Башкы прокуратурага тапшырылды.

Буга чейин Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев гранттык акчанын эсебинен кымбат жол тандабастарды кызматтык унаа катары сатып алганы ашкере болгон. Бул жол тандабастардын ар биринин наркы 5,6 миллион сом турган же болбосо 82 миң долларга барабар экени белгилүү болгон. 

Бул тууралуу парламент депутаты Аида Исмаиловага маалымат келип түшкөн. Аталган жетекчилерге кызматтык унаа катары ыйгарылган бул жол тандабастар Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүгүү бирикмесинин гранттык каражатына алынган. Бул донор уюм Кыргызстандагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун колдоо программасын каржылайт.

Бул автоунаалар “Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө” мыйзамдын талаптарына ылайык сатылып алынышы керек болчу. Бирок териштире келгенде Мамлекеттик сатып алуу порталында автоунааларды сатып алууга тендер жарыяланганы тууралуу маалыматтар жок болуп чыккан.

-Саламаттык сактоо министри менен Медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы (ФОМС) ФОРдун линиясында (долбоордун аталышы) кымбат баалуу жаңы жол тандабастарды сатып алышкан. Бирок бул боюнча мамлекеттик сатып алуу порталында тендер жарыяланганы боюнча маалыматтар жок болуп чыкты. Анан булар кантип алышты деген суроо туулат. Мага түшкөн маалыматтар боюнча кызматтык автоунаалар ФОРдун пайдаланылбай калган акчасынын эсебинен сатып алынган. Ага министр өзү кол койгон. Ушундай жетишпеген учурда алар кымбат баалуу кызматтык машинелерди сатып алганын билип, жаным кейиди.

Катардагы дарыгерлер 6-7 миң сом айлык алып, иштеп жүрүшөт. Ооруканаларда дары-дармек, заманбап медициналык жабдуу жок. Анан бул жетекчилер кайсы арына кымбат баалуу кызматтык машине минип жүрүшөт? Алар ошондой автоунааларды алгандын ордуна акчаны гемодиализге муктаж оорулууларга жумшап же болбосо онкологиялык оорулууларга керектүү дары-дармектерди алып беришсе болбойт беле? Ошондо канча адамдын өмүрү сакталып калмак!-дейт Исмалиова

Ал эми министр Космосбек Чолпонбаев жол тандабасты алуу маселеси ага чейин эле чечилгенин айтып, долбоор боюнча кийин андан баш тартуу мүмкүн эмес экенин айткан болчу. Бирок ага чейинки министр Талантбек Батыралиев аталган гранттык долбоордо жол тандабас алуу маселеси болбогонун айтып, азыркы министрдин айтканын жокко чыгарган.

Кийинчерээк министрликтин кымбат жол тандабасы өкмөттүн гаражына токтотулганы кабарланган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова 31-январдагы отурумда айтып чыкты. Анын айтуусунда, коомчулуктун кескин сынынан кийин Саламаттык сактоо министрлигине сатылып алынган кымбат баалуу автоунаалар өкмөттүн гаражына өткөрүлүп берилген.

Бул автоунаалар эмне үчүн өкмөттүн гаражына киргизилди? Эмне, алар менчикке чыгарылабы? Эмнеге мындай кымбат автоунаалар сатылып алынган, эмне үчүн аларды аймактарга беришкен жок? –деп суроо салган эл өкүлү.

Адистердин айтымында, бул эки жетекчи кызматтык автоунаа катары өзүнө ыйгарган эки жол тандабасты сатып алууга 164 миң доллар чыгымдалган. Бул акчага аймактардагы ооруканалар үчүн тиешелүү жабдуулары менен заманбап үлгүдөгү 10 “Тез жардам” унаасын сатып алууга мүмкүн эле. Анткени буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында республика боюнча жүздөн ашуун “Тез жардам” унаасы керек экени белгиленген болчу.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *