Абылгазиев  Тажикстандын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

  Мезгил

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев   Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода  менен телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өкмөт башчылар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги учурдагы абалды жана болуп өткөн чек ара окуясын жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.

Кырдаалды жөнгө салууга жана өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана коңшулаштык мамилелерди эске алуу менен эки мамлекеттин чек ара тилкелеринде абалды турукташтыруунун мындан аркы чараларын көрүүгө эки жактуу даярдык билдирилди.

  Өкмөт башчылар эки мамлекеттин мамлекеттик органдарынын биргелешкен иши жөнгө салынган жана окуяны биргелешип тергөө жүргүзүү жана чек арадагы кырдаалды эскалация кылууга жол бербөө чараларын көрүү макулдашылган.

 Белгилей кетсек, буга чейин окуя болгон жерге эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын кырдаалды турукташтыруу боюнча ишин координациялоо үчүн   вице-премьер-министр  Жеңиш Разаков жана Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Иброхим Азим барган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *