Абылгазиев тура калганда. Кыргызстан менен Япониянын беттешиндеги күйөрмандардын эмоциясы (фото)

     Мезгил

   Кечээ, 14-ноябрда 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Япония беттешип,  оюн 2:0 эсебинде аяктады. Кыргыздар Ак шумкарларды колдоп коштоп, сүрөөнгө алып турушту. Атаандашы Япония курамасы күчтүү команда экиндигине карабай кыргыз курамасы татыктуу оюн көрсөтүштү. Япония биздин команданын дарбазасына 2 гол киргизүү менен жеңишке жеткендерине карабай, күйөрмандар акыркы мүнөттөргө чейин үмүт менен Ак шумкарларды сүрөөнгө алып турушту. Белгилей кетүүчү жагдай бул бүйүр кызыткан беттешке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, жана бир катар депутаттар дагы күбө болушуп, оюнду эмоция менен көрүп отурушту. Анда кечээки беттеш учурундагы эмоциялар  сүрөттөрдө.

 

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *