Абылгазиев өзгөчө кырдаалдар министрине жаңы талапкер сунуштады

 Мезгил

Өзгөчө кырдаалдар министрине жаңы талапкер сунушталды.

 Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер комитетинин кароосуна вице-премьер-министр  Замирбек Аскаровдун талапкерлигин сунуштады Премьер-министрдин маалыматына караганда, Замирбек Аскаров вице-премьер-министрлик кызматынан кетүү тууралуу арызын президенттин атына 3-февралда жазган.

Замирбек Аскаров 2018-жылдан тартып вице-премьер-министр кызматын ээлеп келген. Ага чейин Ош шаарынын 1-вице-мэри болуп иштеген.

Ал эми вице-премьер-министрликке   Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эрик Асрандиевдин талапкерлиги каралууда.

Мурунку өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мырзахметов 23-январда кызматынан бошотулуп, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган. Ал эми ушул күнгө чейин бул министрлик орун бош турат. 

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *