Абылгазиев Жалал-Абад облусундагы санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди

   Мезгил

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусундагы санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Өкмөт башчы Сузак районундагы жана Жалал-Абад шаарындагы санитардык-карантиндик посттордун инфраструктурасы менен таанышып, мында нөөмөттө турган аскердик жана милиция кызматкерлери, куткаруучулар, медиктер жана санитардык кызматкерлер менен маектешти.

Премьер-министрге бүгүнкү күндө Жалал-Абадда абал туруктуу экендиги, ал эми жарандар өзгөчө абалдын шарттарын түшүнүү менен кабыл алып, жоопкерчилик көрсөтүп жатышканы маалымдалды. 

Өкмөт башчы баса белгилегендей, биргелешкен иштердин уюшкандыгынан жана сапатынан коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн натыйжалуулугу көз каранды. Ал медицина кызматкерлерин бардык зарыл нерселер менен камсыздоо үчүн мамлекет каржылоо маселелерин чечип жатканын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча масштабдуу иштерди баштаганын белгиледи.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *