Абылгазиев: Жол куруу долбоорлорунун 30-40% акчасы “шапка” берүүгө кетет

Мезгил

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламент комитетинин жыйынында:

“Мен ачык айткым келет. Өлкөдөгү бардык жол куруу жумуштары бир схема менен жүрүп жатат. Тендерден чет өлкөлүк компаниялар утуп алышат. А жумушту болсо биздикилер жасашат”, – деп ымандай сырын төктү.

 Өкмөт башчыны мындай ачык болууга түрткөн депутат Төрөбай Зулпукаровдун суроосу болду. Ал жол курулушу үчүн насыя жана гранттарды Кыргызстан алып жаткан соң өзүбүздүн компаниялар неге жол курууну моюндарына алышпайт деген маселени козгоду эле.

“Сиз коррупциялык иштер боюнча айтып жатасыз. Чындыгында тендерди чет өлкөлүк компания утуп, а жумушту жергиликтүү жолчулар жасаган учурлар көп. Биз Маданият – Жалал-Абад жолу боюнча маселени карап жатабыз. Президент маселени иликтеп чыгуу боюнча тапшырма берди. Бардык жол куруу иштери, анын ичинде Түндүк – Түштүк альтернативалык жолу да ушул схема менен курулуп жатат. Маселен, тендерден Италиялык компания жеңип алды дейли, бирок, ал жерде Италиялыктардын жыты да жок”, – деп кейиди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук менен маектешкенин да жашырган жок. Анын айтымында биздин өлкөдөгү компаниялар мындай ири долбоорлорго даяр эмес экен. Бирок мен биздикилер буга даяр экендиги тууралуу айтып, көмөк көрсөтүүнү өтүндүм деди Абылгазиев. Ошондой эле жол куруу долбоорлорунун 30-40 пайыз акчасы “шапка” берүүгө кетет. Буга байланыштуу жаңы курулуп, анан бузула баштаган жолдорду куруучу компаниялардын эсебинен оңдоо боюнча бардык тендерлерге жаңы талаптарды кийирип жатабыз деди премьер-министр өз сөзүндө.

Абылгазиевдик өкмөт оңоло баштаганбы же өкмөт башчынын чындыкты айтуудан башка айласы калбай баратабы?

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *