Абылгазиевдин туугандары кайда иштей тургандыгы боюнча өкмөт жооп берди

    Мезгил

Өкмөт премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин үй-бүлөсү тууралуу маалымат таратты. Анда өкмөт башчысы жөнөкөй үй-бүлөдөн чыкканы, бир туугандарынын баары жөнөкөй кызматта эмгектенери, айрымдары ардактуу эс алууда жана үй кожойкелери экендиги айтылган.

Маалыматта айтылгандай,  премьер-министрдин   алты бир тууганы бар. Алар Бишкекте жана Кочкордо жашайт. Ал эми 85 жаштагы энеси премьер-министр уулунун колунда.

1 Агасы Калыйнур Абылгазиев жубайы экөө тең ардактуу эс алууда. Уулу соода тармагында, бир кызы тигүүчү, экинчиси үй кожойкеси;

2 Соодонбек Абылгазиев — журналист, акын, жазуучу (учурда жеке ишканалардын биринде кароолчу), жубайы — мугалим. Кызы жеке ишкерлик менен алектенет, уулу — студент, энергетика багыты боюнча билим алат, кызы — мектеп окуучусу;

3 Айнура Дүйшекеева — ардактуу эс алууда. Жолдошу ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген, Кочкордо жашайт;

4 Жылдыз Абылгазиева — мугалим. Уулдары курулуш тармагында жөнөкөй куруучу болуп эмгектенишет. Кызы — үй кожойкеси.

5 Азиз Абылгазиев — Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык техника департаментинин Баңгизатты мыйзамдуу түрдө айлантуу бөлүмүнүн башчысы. Жубайы — врач. Уулдары — банк, катардагы кызматкер болуп эмгектенишет. Кызы — каржы тармагында иштейт. Күйөө баласы — «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасында директордун орун басары кызматын аркалап келет (өз ишин ар кандай мекемелерде, Мамлекеттик байланыш комитетинде катардагы кызматкерден баштаган, программист);

6 Кундуз Абылгазиева — шаардык ооруканаларда улук медайым. Жолдошу — суу чарбасында мурап болуп эмгектенет. Уулдары — муниципалдык кызматта жана жеке ишканада иштешет.

Премьер-министрдин атасы Дүйшеке Абылгазиев — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, II топтогу майып, убагында укук коргоо органында, партиялык кызматтарда эмгектенген. Быйыл күзүндө 100 жашка чыкмак. Ал эми апасы Жеңилдик Абылгазиева — үй кожойкеси. Учурда 85 жашта, өкмөт башчынын колунда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *