Абылгазиевдин уй-жылкы, кой-эчкилери

   Мезгил

Өлкөбүздүн салык кызматы саясатчылардын декларациясын жарыя кылды. Алардын катарында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да байлыгын жазып көрсөткөн.

Декларациядагы маалыматка ылайык өкмөт башчынын 2,6 миллион сомдук 52 жылкысы, 880 миң сомдук 22 бодо малы жана 2,09 миллион сомго бааланган 524 кой-эчкиси бар. Бирок Абылгазиевдин жеке турак жайы жана автоунаасы тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес. Ал 2018-жылы 826 461 сом киреше тапкан.

Ал эми 2018-жылы премьер-министрдин жакындары 278,5 чарчы метрдик үйгө ээлик кылары көрсөтүлгөн. Ошондой эле аянты 30,5 чарчы метрди түзгөн эки унаа токтотуучу жайдын ээлер болуп саналышат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *