Адалсынган Арапбаевдин декларациясында 5 компаниянын “башы” жашырылган

    Мезгил

   “Economist.kg” сайтынын маалыматы боюнча ЖК депутаты Азамат Арапбаев 5 компаниядагы үлүшүн жашырган. Тагыраагы депутатка тиешелүү 3 компания бар, ал эми 2 ЖЧКда үлүшү бардыгы катталган. Алар мунай, газ берүү жана бөлүштүрүү, кыш заводу, Ош шаарындагы такси кызматы, көмүр казуу менен алектенген ишканалар. Азамат Арапбаевдин өзү парламенттеги Экономика жана фискалдык саясат комитетинде мүчө.

Салык кызматтарына 2015-2016-жылдар үчүн декларация тапшырган. Ал эми 2017-жыл үчүн декларация тапшырбагандыгы мыйзамды бузуу болуп саналат. 2015-жылдагы декларациясын карай турган болсок ай сайын 379 миң сомдон иштеп, жылына 4,5 миллион сом киреше таап, “ВАЗ 2107”, “Lexus LX 570”, “Daewoo Matiz”, автоцистерна жана жарым чиркегич өзүнө катталгандыгын көрсөткөн. Кыймылсыз мүлктөрү катары жер тилекелерин, имарат жана май куюучу станциясы бар экендигин жазган. Кыргызстандагы байлыгы ашып-ташкан, күркүлдөрдүн катарын толуктаган депутаттын базарда 1,5 миң долларга табыла турган үнөмдүү “Daewoo Matiz” автоунаасы, сүйрөй турган жүк тарткычы (тягач) жок чиркегичтери бар экендиги күлкү келтирет экен. Кыязы депутат “Daewoo Matiz” автоунаасын үйүнүн төрүнө чаң жугузбай музейдик экспонат катары илип койсо керек.

Ал эми депутаттын жакын туугандары 136, 7 миллион сом иштеп табышкан. Алардын 5 батири, 2 жер тилкеси, дүкөнү, имараты, 2 авто унаасы бардыгын көрсөткөн. Чыгашалары 11 миллион сомго жеткен.

Ал эми 2016-жылы Арапбаевдин өзүнүн чыгашасы 11,1 миллионго жеткен. Айлыгы 35 миңдин тегерегинде болгон. Мүлктөрү мурдагыдай эле калып, туугандарынын кирешеси 50 миллион сомго өскөн. Жалпысынан 180,4 миллионду түзүп, ай сайын 15 миллион сомдон иштеп таап турушкан. Алардын мүлктөрүнө 1 батир, жарым кафе жана убактылуу колдонуу үчүн тилексинин жарымы кошулган. Арапбаевдин өздүк чыгымы болсо 64,8 миллион сомго өскөн.

Азамат Арапбаев «Ош-Ойл ЛТД» ЖЧКсынын жалгыз ээси болуп саналат. Аны Бегайым Абдыманапова жетектейт. Компания 2005-жылы 1-февралда катоодон өтүп, газ берүү жана бөлүштүрүү менен алектенет.

«Даннур-Юг» ЖЧКсын да Бегайым Абдыманапова жетектейт. Бул ЖЧКнын жалгыз ээси болуп да Азамат Арапбаев саналат. Кыш, черепица ж.б. бышырылган ылайдан жасалган курулуш материалдарын чыгарат.

Ал эми «Азия-Юг» ЖЧКсынын жетекчиси – Акмал Саеткулов. 2008-жылы катоодон өтүп, Ош шаарында такси кызматын көрсөтүү менен алектенет.

Бишкектеги «Ала-Арча кыш заводунун» 1-негиздөөчүсү – Талантбек Мааметшерипов, 2-негиздөөчүсү – Арапбаев болуп саналат. 2004-жылы 12-августта катоодон өтүп, кыш чыгаруу менен алектенет.

«УзгенЭнергоУголь» ЖЧКсы 2018-жылы июль айында кайра катоодон өткөн. Жеткечиси – Абдужакып Анарбаев. Битумдук жана күрөң көмүрдү жабык азып алуу менен алектенет. Бул бизнесте депутаттын шериктештери – Бегайым Абдыманапова жана Андрей Пихота болуп саналат.

“Ачык бюджет” порталында депутатка тиешелүү көпчүлүк фирмалардын төлөгөн салыгы боюнча ачык маалымат жок. Болгону Арапбаевдики делген «Данур-Юг» 2007-жылдан бери – 158,5 миллион сом, «УзгенЭнергоУголь» 2007-жылдан бери – 121 миллион сом гана бюджетке төлөгөн.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *