Адилет Малдыбаев мэриянын аппарат жетекчилигине секирик жасады

   Мезгил

Отуз жаштын кырынан эми өткөн Адилет Малдыбаев Бишкек мэриясынын аппарат жетекчилигине секирик жасады. Буга чейин ал баш калаадагы Биринчи Май районунун акиминин биринчи орун басары катары иштеп келгени белгилүү. Акимдин биринчи орун басарлыгына да 28 жашына келип, көпчүлүктү таңгалдырган. Жаштайынан чоң кызматтардын даамын татып келаткан бул жигит Ысык-Көлдүн кулуну экенин көпчүлүк биле бербейт. Түз багыт менен атын таза сактап келаткан бул чиновиник атына-затын жараштырып, “кылтың-мылтыңдарга” аралашпаса, кандай кырдаал болбосун карапайым калк тарабында болсо эле алыска чуркаары бышык. Эми колунан келип турганда жаштык жигери менен чуркай берсин да. 

Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *