Ах, Икрамжан, Икрамжан!

  Мезгил

Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук сотунда президенттин мурдагы кеңешчиси, “шоопур” деген каймана ат менен белгилүү болгон Икрамжан Илмияновдун иши каралууда. Сурак учурунда айыпталуучу айыптоолорду четке кагып, мойнуна албай келет. Ал 40 күбөнүн ичинен бирөөнү гана тааный тургандыгын билдирген. Бул киши партиялашы Чыныбек Анарбек уулу экен. Ал эми белорустук фирма, “Дизель комплект” ЖЧКсы тууралуу кылмыш иштин материалдарынан гана билгенин баса белгилеген.

Икрамжан Илмиянов 2017-жылдагы президенттик шайлоо мезгилинде бул чет элдик ишканадан 150 миң долларды ишти чечип берүү үчүн, партиянын үгүт иштерине спонсордук жардам катары алган деген айып менен айыпталып келет.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *