Ахматбек Келдибеков: Атамбаевдин бийлиги бир долларга «Кыргызгазды» гана эмес, пенсиондук фонддун 8 пайызын кошо берген

Мезгил

Элди күнөөлөп жаткан ошол убактагы кыргыз бийлиги аларга мамлекеттеги газ байлыгыбызды, Баткендеги эки газ сактоочу жайды, Кочкор-Атадагы газ чыккан жерди, имараттардын баарын бир долларга саткан. Бул үчүн Газпром бир эмес жүздөгөн мектеп курганга милдеттүү. Бул тууралуу Ахматбек Келдибеков басылмалардын бирине маек берип жатып билдирди.

«Ата –Журт» партиясынын тең төрагасынын айтымында  Газпром” кыргыз эли төлөгөн акчага эле мектеп, спортзалдарды куруп жатат. Муну чоң жетишкендик деп кайра-кайра айта бергендин кажети жок.

– “Газпром” бир долларга Кыргызстандын бүтүндөй газ тармагын сатып алган. Элди күнөөлөп жаткан ошол убактагы кыргыз бийлиги аларга мамлекеттеги газ байлыгыбызды, Баткендеги эки газ сактоочу жайды, Кочкор-Атадагы газ чыккан жерди, имараттардын баарын бир долларга саткан. Бул үчүн Газпром бир эмес жүздөгөн мектеп курганга милдеттүү. Ошол келишим боюнча Кыргызстанга газ канча баада келген болсо, сөзсүз түрдө 12 пайыздан кем эмес үстөк баада сатылышы керек деп каралган.

 

Биз өз алдыбызча мамлекет болгонубуздан кийин стратегиялык багыттагы, мамлекеттүлүгүбүздүн өзөгү болгон аэропорт, газ, суу тармагын кимдир бирөөгө жүз пайыз бербешибиз керек деп айтып чыккам. Ток этерин айтканда “ Мен мына ушун үчүн камалгам-дейт Ахматбек Келдибеков

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы ошол мезгилдеги кыргыз бийлиги «Кыргыз газды» бир долларга гана сатып тим болбостон мыйзамды бузуп пенсиондук фонддун 8 пайызын кошо беришкенин кошумчалайт.

– Мамлекет катары алтын акцияны же болбосо 51 пайыз акцияны кармашыбыз керек деп айткам. 49 пайызды “Газпром” же “ӨзбекГаз”, “КазакГаз” мекемеси менен болобу жаратылыш газын Кыргызстанга үзгүлтүксүз алып келүү үчүн сатуу туура эле шарт. Газ тармагын бүтүндөй бир долларга сатып, андан сырткары мыйзамды одоно бузуу жолу менен пенсиондук фонддун 8 пайыз менчигин да кошо беришкен. Мыйзам боюнча пенсиондук фонддун үлүшү эч качан сатылбашы керек. Аны сатууга эч кимдин укугу жок-дейт Ахматбек Келдибеков.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *